Эмки аптада каалоочулар акы төлөп анализ тапшырчу лаборатория ишин баштайт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКилинкалык медициналык борборунда дарыгерлер анализдерди текшерип жатат. Архив
Килинкалык медициналык борборунда дарыгерлер анализдерди текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада коронавирусту аныктаган тогуз вирусологиялык лаборатория бар. Анын ичинен үчөө экспресс-диагностика жүргүзөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эмки жумадан баштап өлкөдөгү жеке менчик ири лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштей баштайт. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Жугуштуу оорулардын козгогучу менен иштеп жаткандан кийин бул лабораторияда катуу тартип сакталышы керек. Биз бардык талаптарды коюп, азыр шаймандар даярдалып жатат. Эмки аптадан баштап ал ишке киришет деген пландар бар”, — деди Үсөнбаев.

Медициналык адиси дезинфекциялоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан бир суткада 4 киши айыгып, сакайгандар жалпы 71 болду
Орун басар билдиргендей, жеке лаборатория өз ишмердүүлүгүн Мамлекеттик вирусологиялык лаборатория менен биргеликте жүргүзөрү боюнча макулдашуулар болгон.

Анда вирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, дарыгерлер текшерүү керек деп чечим кабыл алган кыргызстандыктар акысыз анализ тапшырышат. Ал эми оорулуулар менен байланышта болбогон, бирок жеке өзү үчүн анализ тапшырууну каалагандар акы төлөп текшерилсе болот.

Белгилей кетсек, республикада коронавирусту аныктаган тогуз вирусологиялык лаборатория бар. Анын ичинен үчөө экспресс-диагностика жүргүзөт.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор. Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0