ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери видеожыйында эмне маселелерди чечти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая встреча членов ВЕЭС по борьбе с коронавирусной инфекцией
Рабочая встреча членов ВЕЭС по борьбе с коронавирусной инфекцией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын видеоконференция түрүндө өттү. Анда коронавируска каршы күрөшүү жана ЕАЭБ мүчөлөрүнүн экономикалык туруктуулугун камсыздоочу чаралар талкууланды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери жумушчу жыйындан кийин жыйынтык документти кабыл алды.

Жыйын видеоконференция түрүндө өттү. Анда коронавируска каршы күрөшүү жана ЕАЭБ мүчөлөрүнүн экономикалык туруктуулугун камсыздоочу чаралар талкууланды.

Төмөндө биргелешкен билдирүүдөн алынган учурларды келтиребиз:

Аэропорттун кызматкерлери коопсуз костюмчан келген товарларды түшүрүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин бизнеске керектүү товарларга бажы төлөмдү алып салууну сунуштады
— ЕАЭБ ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктү колдоп, пандемияга ийиндешип каршы турууга жана биримдиктин өлкөлөрүндө туруктуулукту камсыздоого умтулат;

— Пандемия менен күрөшүү иштелип чыккан кооперациялык байланыштарды үзүп, эл аралык сооданы үзгүлтүккө учуратып жана инвестициялык ишмердүүлүктү токтотуп салбашы керек;

— Бардык мамлекеттер куралдануу боюнча чыр-чатактарын, соодадагы касташууларын, санкцияларын токтотуп, бири-бири менен кызматташуусу керек;

— Дүйнөдө тамак-аш, медициналык жабдуулар, дары-дармектер, медициналык жактан жеке коргонуу жаатындагы товарларды кошкондо аларды эркин ташуу принцибин кармануу керек;

— ЕАЭБ мамлекеттери медицинаны биргеликте бекемдеп, эпидемияга каршы иш жүргүзүү алгоритмдерин чогуу изилдеп жана өркүндөтмөкчү;

— ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрүнө, борбордук банктарына өзүнүн иштерин координациялоо, аны менен кошо калкты азык-түлүк менен камсыздоо, бизнести колдоо иштерин алып барууга тапшырма берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0