Азаюуда. Түндө 50 адам коменданттык саатты бузуп, жети автоунаа токтотулду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКараңгыда көчөдө бараткан адам. Архив
Караңгыда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коменданттык саатты бузгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте. Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 10-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин 50 адам бузган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жети автоунаа айып короого киргизилген.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Кечээ коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 37;
  • Ош шаарында — 2;
  • Жалал-Абад шаарында — 4,
  • Сузак районунда — 3,
  • Кара-Суу районунда — 3.
  • Ноокатта — 1.

Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылдык ден соолук комитеттери элди бет кап, тамак-аш менен камсыздоодо. Сүрөт
Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2242 адам кармалган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстан боюнча коронавируска кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0