№5 бакчада чыккан чыр: балдардын ырыскысы, ата-энелердин акчасы уурдалганбы?

© AFP / ERIC CABANISБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энелер ашпозчу буфеттен азык-түлүктү уурдап сатып жатат деп шектенип арызданышкан. Алардын айтымында, ата-энелер фондунун жетекчиси үч жылдан бери иши боюнча отчет бербей, бир жылга чукул убакыттан бери Россияда дарыланып жүрөт.

Ата-энелер борбор калаадагы №5 балдар бакчасынын жетекчиси Динара Мазымканованын ишмердигине нааразы. 14-январда топтошкон эл Бишкек мэриясынын имаратынын алдына пикетке чыкты.

Алар аталган бакчага барган 40 баланын ата-энесинин кызыкчылыгын коргоп чыкканын айтышты. Катышуучулардын айтымында, балдар начар шартта тарбияланышат.

Ата-энелер Билим берүү жана илим министрлигине даттанышкан. Мекеме бул ишти териштирүүнү мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгына тапшырган.

Укук коргоочу Анара Дауталиева Sputnik Кыргызстанга комиссия бала бакчанын ишиндеги төмөнкү кемчиликтерди таап чыкканын айтып берди: 

  • тарбиячылардын айтымында, коомдук фонддун каражаттары сакталган банк эсеби болсо да адамдар өз ыктыяры менен аларга акча төгүшөт;
  • ата-энелер банк эсебинин реквизиттерин тарбиячылар бербегендигин айтышат, ал эми төгүмдүн дүмүрчөгүн көрсөтүшпөйт. Ай сайын алар 920 сомдон 1200 сомго дейре төлөшөт;
  • бакчадагы эмерек, методикалык материал, жабдык жана оюнчуктар эски, балдар ойноочу борборлор жок;
  • даараткана таштандыга толгон, унитаздардын эскилиги жеткен, даараткана балдарга жана кыздарга деп бөлүнгөн эмес;
  • ата-энелер бала бакчага телевизор жана килемдер сатып алынганын, бирок алар эч бир документте катталбаганын, мекеменин балансына да киргизилбегендигин айтышат;
  • соңку үч жылда ата-энелер фонддун иши боюнча отчет ала албай келет. Директор фонддун башчысы бир жылдан бери Россияда дарыланып жатканын билдирген. Тарбиячылар ай сайын чогултулган акчаны директорго тапшырышканын бир ооздон айтышкан. Текшерүү аягына чыкканча бала бакчанын директору ден соолугуна байланыштуу уруксат алган;
  • балдар тийиштүү өлчөмдө тамак ичпей калышкан. Кампалык китепче менен толукталуучу ведомосттогу азык-түлүк тизмегиндеги айырмалар макулдашылбаган, анткени айрым азык-түлүктөр эсептен чыгарылып, балдарга берилбейт. Маселен, пияз балдардын рационунда тогуз күн катар берилген эмес;
  • ата-энелердин бири бала бакчанын ашпозчусу буфеттен алынган каймак май жана этти сатып жатканы боюнча мэрге арыз менен кайрылган.

Администрацияга бул кемчиликтерди жоюу жана чарба иштери боюнча жетекчини жана ашпозчуну иштен кетирүү сунушталган. Билим берүү башкармалыгына бала бакчанын директоруна дисциплинардык жаза берүү айтылган.

Ата-энелердин бири Автандил Абдракманов Sputnik Кыргызстанга фонддун Кымбат Бектенова аттуу жетекчисин ата-энелер эч качан көрбөгөнүн билдирди.

"Биз акча төгүп жатсак дагы эмнеликтен бакчанын абалы өзгөрбөйт деп директорго көп ирет суроо узаттык. Жакында жагдай алмашат деген убадаларын тыңдап келдик. Балдар бакчада быштак менен май жеши керектигин билбептирмин, көрсө, документтерде алардын рационунда ушундай азыктар камтылганы көрсөтүлгөн тура! Балдарга макарон, лапша, сөөк кайнатылган шорпо жана ботко гана берилген. Директор алмашабы же калабы, бизге баары бир. Биз үчүн бакчанын иши жакшы жолго коюлушу маанилүү. Үч жылдан бери менин акчам кайда кеткенин билгим келет", — дейт Абдракманов.

Мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын адиси Данияр Абдуазизов Sputnik Кыргызстанга комиссия текшерүүнү директор сакайып ишке чыккандан кийин улантарын билдирди. Мыйзамга ылайык, ал үч ай дарылана алат. Динара Мазымканованын саламаттыгы жакшырганда башкармалык ата-энелердин ири жыйналышын өткөрүп, директорду сурап, чечим кабыл алат. Мазымканованы Эмгек кодекси коргойт, ал ден соолугуна байланыштуу ишке чыкпаган убакта текшерүү улантылбай турганын айтат Абдуазизов. Адис башкармалык укук коргоо органдарына кайрылбай турганын да билдирди.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова - Sputnik Кыргызстан
Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги
Кылмыш иштери боюнча жактоочу Рустам Абдурауфов Sputnik Кыргызстанга эгер укук коргоо органдары бул ишти тергеп жаткан болсо, анда текшерүү уюмдун жетекчиси жокто да уланарын айтып берди.

"Эч ким алардын дарыланып келишин күтпөйт. Эгер ден соолугунан улам чыккан өргүүдө документтер жок кылынып же өзгөртүлөт деген шек туулса, анда кайсы тергөөчү болбосун, документтерди карап чыгууга соттон уруксат алууга акысы бар. Эгер адам ооруп калса, текшерүүнү токтотууга бул себеп боло албайт. Азыр бул ишке укук коргоо органдарын тартуу үчүн бардык инструменттер бар. Менин жеке пикиримде, текшерүүчү тарап балким органдарга кайрылгысы жок", — дейт жактоочу.

Анын пикири боюнча, эгер мэриянын Билим берүү башкармалыгы кандайдыр бир мыйзам бузууну байкаса, текшерүү жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына дароо кат жолдоого тийиш.

"Эгер андай нерсе жок болсо, анда ич ара текшерүү жүргүзүү зарыл. Мэрия чочулоого тийиш, Жазык кодексинин "Кылмышты жашыруу" деген беренеси бар", — деп кошумчалайт юрист.

Sputnik Кыргызстан бул иштин жүрүшүнө көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0