Чүйдө үч ай мурда жоголгон өспүрүм табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТверская улица в Москве
Тверская улица в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм 20-август күнү Сокулук айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Ал милиция тарабынан изделип жаткан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Үч айдан бери изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова билдирди.

Буга чейин Чүй облусунда жоголуп кеткен 16 жаштагы Э. А. уулу изделип жатканы маалымдалган. Өспүрүм 20-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Нусупова окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтыларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0