03:33 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Чемпионка мира по женской борьбе Айсулуу Тыныбекова во время церемонии награждения на чемпионате мира по спортивной борьбе в Нур-Султане

Айсулууну аэропорттон нан жана ак лимузин менен тосуп алышты. Видео

© AP Photo / Anvar Ilyasov
Коом
Кыскача шилтеме алуу
706620

Спортчуну жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, анын жеңиши жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилеген.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын байге утуп алган балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы эл аралык "Манас" аба майданынан мекендештери тосуп алышты.

Тоскондордун арасында президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер Замирбек Аскаров, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов жана коомдук ишмер Айгүл Рыскулова болду.

Аэропорттун сыртында Айсулуунун келишине арналган ак лимузин күтүп турду.

Эске салсак, 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова Токио шаарында өтө турган Олимпиадага жолдомо алып, дүйнө чемпиону болгон.

Спортчуну жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, анын жеңиши жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилеген.

Тема боюнча

Сооронбай Жээнбеков балбан Айсулуу Тыныбекованы телефон чалып куттуктады
Спортту баскетболдон баштаган. Атактуу Тыныбекова тууралуу 6 факты
Аптыга чуркап "атасын" кучактаган Айсулуу, айтып бергис эмоция! Фотофакт
Белгилер:
күрөш, олимпиада, Айсулуу Тыныбекова, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ