Калтырап кеттим. Пермде кырсыктаган автобустан элди алып чыккан кыргыз таксист

© Фото / ОГИБДД УМВД России по г. ПермиНа месте ДТП с пассажирским автобусом в Перми
На месте ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эшикти тартып тээп көрдүм, ачылбай койду. Терезе аркылуу кирсем ичи кызыл жаян, жүргүнчүлөрдүн баары биринин үстүндө бири үйүлүп жатыптыр. Муунум калчылдай түштү. Алгач жаш баланы алып чыктым...

Өткөн жумада Россиянын Пермь шаарында 59 жүргүнчүсү менен бараткан автобус жол кырсыгына кабылды. Мунун кесепетинен бир аял каза болуп, 35 адам ар кандай жаракат алган. Анын ичинен тогузунун абалы оор экени айтылат.

Таксист Нурсултан Кайназаров - Sputnik Кыргызстан
Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
Кырсык болору менен кыргызстандык таксист Бекзат Максатбек уулу эң биринчи жардамга келген. Ал бети-башы кан болуп дендароо абалда жаткан адамдарды терезе аркылуу алып чыккан. Бекзаттын ыкчам аракети жергиликтүүлөр арасында жогору бааланып, алкоого татып, бир нече жалпыга маалымдоо каражатынан көрсөтүлдү.

Бекзат Максатбек уулу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышып, окуянын чоо-жайын өз оозунан сурап билди.

— Бекзат мырза, жүрөк үшүн алган кырсыкка кантип күбө болуп калдыңыз?

— 17-август күнү Пермь шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Гайва деген кичи районго кардар жеткирип баргам. Кайтып келе жатканда саат 17.00 болсо керек, эл ташыган автобус бет маңдайымдан өткөн. Анан эле артымдан катуу дабыш угулду. Карасам жанагы автобус бетон дубалды сүзүптүр. Дароо артка бурулуп, жетип бардым. Ачыгын айтайын, мындай окуяга биринчи жолу күбө болушум.

— Чуру-чуу түшүп ар кандай жаракаты менен жаткан адамдарын арасына жалгыз кирүүдөн корккон жоксузбу?

— Барып эле эшигин тартып тээп көрсөм, ачылбай койду. Анан талкаланган терезеден кирдим. Башында корккон деле эмесмин, автобустун ичине киргенде муунум калтырай түштү. Адамдардын баары алды жакта биринин үстүндө бири үйүлүп калыптыр. Бети-башы кан болуп жатышат. Биринчи кезекте жаш балдар менен аялдарга жардам берейин дедим. Болжол менен 5-6 жаштагы баланы алып чыктым. Кайтып баратканда терезенин түбүнөн 20-25 жаштагы жигитке көзүм урунду. Тартсам чыкпайт, көрсө, буту отургучка кыпчылып калган экен. Анан аны коё туруп, бир аялды алып чыктым. Андан соң дагы бир аялга барып колундагы баласын алайын десем бербей койду. Сыягы катуу коркуп, шок болуп калган окшойт. Башкасына барып эки-үч жашар баланы көтөрүп чыкканда адамдар келе баштады. Аны берип, кайра дагы бирөөнү алып чыктым.

— Ошондо жеке өзүңүз автобустун ичинен канча адамды алып чыктыңыз?

— Төрт адамды чыгардым. Андан кийин 20дан ашуун киши чогулуп терезе аркылуу да тартып алып жаттык. Мен сыяктуу ичине кирип алып чыккандар да болду. Беш мүнөттөн кийин куткаруучулар келди. Анан биз жаракат алгандарды жөлөп-таяп каралаштык. Тез жардам келгенден кийин үйгө кеткем.

— Алгач такси каршы тилкеге чыгып алгандыктан, автобус кырсыктады деген кептер айтылган. Бирок аны укук коргоо органдары төгүндөдү. Бул жагдай боюнча сизди суракка чакырган жокпу?

— Ооба, ошондой маалымат тараганда таң калгам. Мен өз жолумда бара жатканым видеодон деле көрүнүп турбайбы. Окуянын эртеси Пермь шаарынын Тергөө комитетине көрсөтмө бердим. Мени күбө катары чакырганын айтып, суроолоруна жооп бергенден кийин коё беришти. Ошол күнү эле кечинде журналисттер чалып, интервью ала баштады.

Мен өзүмдү чоң эмгек жасадым деп айтуудан алысмын. Ордумда башка адам болсо деле ушинтмек. Мындай кырдаалда четте карап тура албайсың да.

© Фото / ОГИБДД УМВД России по г. ПермиДТП с пассажирским автобусом в Перми
Калтырап кеттим. Пермде кырсыктаган автобустан элди алып чыккан кыргыз таксист - Sputnik Кыргызстан
ДТП с пассажирским автобусом в Перми

— Ушул кырсык учурунда жардамга биринчилерден болуп барган деп өзбекстандык Данил Юлдашев аттуу жаранга Пермь крайынын губернатору ыраазылык кат тапшырды. Ошондой эле жеңилдетилген жол менен Россиянын жарандыгы берилери айтылды. Сизге жергиликтүү бийлик тараптан сыйлык каралган жокпу?

— Азырынча жок. Бирок кечээ Россиянын Ички иштер министрлигинин Пермь шаардык башкармалыгынан чалып ыраазычылык кат берилерин айтышты.

— Окуядан кийин өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

— Автобустун алды жагында үйүлүп жаткан адамдар дагы эле көз алдымда турат. Эстеген сайын муунум титиреп кетет.

— Пермде канчадан бери иштейсиз? Ата-энеңиз бул кабарды кандай кабыл алды?

— Бул жакта ата-энем, иним болуп чогуу жашайбыз. Алар биринчи эле "Өзүңдүн ден соолугуң жакшыбы?" деп сурашты.

Өзүм 25 жаштамын, Жалал-Абад шаарында туулгам. Пермде көп жылдан бери келип-кетип иштейм. Ал эми такси кызматына эки ай мурун орношком. Ата-энем да карапайым эле адамдар, эл катары эмгектенет. Иним мектепте окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0