14:42 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Коом
Кыскача шилтеме алуу
191510

Дооронбек Садырбаев — чыгаан кинорежиссер, саясатчы жана коомдук ишмер. Кинорежиссер катары "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы", "Арман" сыяктуу бир топ мыкты фильмдердин жараткан. Кыргыз кинематографиясында алгачкылардан болуп даректүү тасма тарткан. Ал 2008-жылы 28-майда 69 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган. 2010-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Дооронбек Садырбаев калк арасында эли-жерине жан дили менен күйгөн, мекенчил инсан катары таанымал. Бирок анын эмгек жолунан сырткаркы жашоосу, балалык чагы, үй-бүлөдөгү орду, мүнөзү тууралуу баары эле биле бербесе керек. Мына ушул максатты көздөп анын бир тууган карындашы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүласал Садырбаеваны кепке тарттык.

— Билишибизче атаңыз дүйнөдөн эрте өтүп кетиптир...

— Биз Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Апыртан айылынан болобуз. Баарыбыздын балалык чагыбыз ошол жакта өттү. Үй-бүлөдө алты бир тууган элек. Дооронбек агамдан сырткары үч эжем жана бир иним бар.

Белгилүү кинорежиссер, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / из семейного архива Дооронбека Садырбаева
Атабыз мен эки жашка чыкканда, 44 жаш курагында кайтыш болуп кетти. Ал учурда эң улуу эки эжебиз да турмушка чыгып, үйдө тиричиликке жарамдуу болгон Дооронбек агамдын мойнуна бардык түйшүк жүктөлөт. Ал 14 жаш курагында бүтүндөй бир үй-бүлөгө баш-көз болуп, биздин камыбызды көрө баштаган. Агам үйдөгү иштерди бүтүрүп коюп эле дароо окуусуна шашчу. Атабыздын көзү өтөрүндө апама Дооронбекти окут деп керээз кылганы бар экен. Ошентип агам мектепте жакшы окуду. Агам атабыздын мезгилсиз узап кетишин абдан катуу кабыл алып, 10-классты аяктагандан кийин ал кездеги Фрунзе шаарындагы медициналык институтка тапшырат. Ал жактан дароо эле атайын ийримдерге катышып, өзүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн да көрсөтө алган.

Кийин маданий иш-чаранын алкагында Москвага чейин барып, киного, режиссерлука кызыгуусу артат. Ошол күндөн тарта бүткүл дити менен чыгармачылыкка сүңгүп кирип кетти. Кийин телевидениеде да иштеп, режиссерлук, дикторлук кесиптерди аркалады. 

Депутат парламента, известный кинорежиссер и народный артист КР Дооронбек Садырбаев.
из семейного архива Дооронбека Садырбаева
Дооронбек Садырбаев калк арасында эли-жерине жан дили менен күйгөн, мекенчил инсан катары таанымал. Бүт дити менен чыгармачылыкка сүңгүп кирип, кино тартып, телевидениеде да иштеп, режиссерлук, дикторлук кесиптерди аркалады. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болгон.

— Агаңыздын кандай өзгөчөлүктөрүн баалайсыз?

— Ал аябай боорукер эле, бизди бир да жолу кагып-силкип урушкан жок. Ар дайым өзүнүн калыс көз карашы менен айрымаланып турчу. Алсыздарга жан тартып, күчтүүлөрдүн терс аракеттерин ашкерелеп бетке айтчу. Жада калса жеңем небересин уруша калса, ага болушуп "бул кичинекей, алсыз го, ошону үчүн сен урушуп жатасың да" деп калаар эле. Ар дайым адилеттүүлүктү издечү.

Бирок биздин кандайдыр бир аракеттерибиз жакпай калса, муңайып, кабатырланып, өзүнүн бир эле көз карашы менен оюн билдирип койчу. Мындай учурларда биз сестенип, катабызды оңдогонго шашылчубуз. Дагы бир өзгөчөлүгү — жакын адамдарын атынан айтчу эмес. Баарынын ысымдарын эркелетип, кыскартып алган. Мисалы мени Гүласал деп айтканы эсимде жок, ар дайым Асал деп чакырчу. Өзүнүн тууганчылдыгы менен да айрымаланаар эле. Айылдан Бишкекке сапарга чыксак, жолду катар телефон чалып, сарсанаа болуп жатып тосуп алчу.

Тууганчылдыгын ушундан бил, жети атасын сүрүштүрүп отуруп да туугандарыбызды тапкан учурлары болоор эле. Биздин чоң уруубуз мундуз. Анын ичинен ожурай деген кичине уруктан болобуз. Ошол ожурайларды барган жеринен сураштырып тапканга аракет кылчу. 

Экс-депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики V созыва Гуласал Садырбаева во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Акматалиева
Гүласал Садырбаева: атабыз эрте көтүп кеткендиктен агам 14 жаш курагында бүтүндөй бир үй-бүлөгө баш-көз болуп, биздин камыбызды көрө баштаган.

— Дооронбек Садырбаевдин фильмдери кыргыз киносунда өзгөчө орунду ээлеп турат. Айрыкча тарыхый тасмаларды жаратууда бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн деп угабыз.

— Агам кыргыз кинемотографиясында ачылыш жасаган режиссер десем болот. Көпчүлүк аны көркөм тасмаларынан жакшы тааныйт. Бирок ал даректүү тасмаларды жаратууга аябай кызыкчу. Кийин ал көксөөсүн ишке ашырып бир катар көрүнүктүү инсандар тууралуу даректүү фильмдерди жаратты. Анан 1990-жылдагы кыргыз-өзбек коогалаңын чагылдырганы Ошко барып, ал жактагы окуяны жана 1916-жылы болгон Үркүндөн баштап кыргыз калкынын кыйын кезеңдерин алты бөлүктөн турган "Кайран эл" аттуу даректүү тасмасына камтыды. Ал эмгеги эфирден бир гана жолу көрсөтүлүп, чагымчылдык мааниси бар деген кине менен көрсөтүүгө тыюу салынган тасмалардын катарына кирди. Ошол күндөн баштап агама бут тосуулар көбөйдү.

Бийлик тараптан куугунтук башталды. Агам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп да бир катар тарыхый окуяларга күбө боло алган жайы бар. Чыгармачылык жолун улантып, 1992-1993-жылдары Чеченстандагы согушту тартты. Аталган мамлекеттин ошол учурдагы башчысы Жохар Дудаевден алгачкылардан болуп интервью алганга да жетишкен. Кийин Түркиянын "Ихлас фильм" аттуу киностудиясында эмгектенип, түрк боордошторго кино тартуу ыкмаларын үйрөтүп жардамдашып жүрдү. 

Депутат парламента, известный кинорежиссер и народный артист КР Дооронбек Садырбаев во время съемок фильма Махабат Дастаны
из семейного архива Дооронбека Садырбаева
Садырбаева: Атабыздын апама "Дооронбекти окут" деп керээз кылганы бар экен. Ошентип агам мектепте жакшы окуду. 10-классты аяктагандан кийин ал кездеги Фрунзе шаарындагы медициналык институтка тапшырат. Ал жактан дароо эле атайын ийримдерге катышып, өзүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн да көрсөтө алган.

— Саясатка кандайча келип калды?

— 1994-жылы Кыргызстанга өзүнүн иштери менен келиптир. Жолду катар ошол учурдагы өлкөнүн абалын көрүп зээни кейийт, кайра артка мекенине кайтууну чечет. Өз эл-жерине келип өлкөнүн саясий абалын оңдоого бел байлап, 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коет да, дароо өтүп кетет. Парламентке ал оппозициядагы депутат катары келди. Ошентип саясатта да ордун таап, элдин колдоосу менен үч жолу депутат болууга жетишти. Парламентте да адаттагы калыстыгынан жазбай, ар дайым болгонун болгондой сүйлөп, бетке айтып айрым кесиптештерине жакпай калган учурлары көп болгон.

— Агаңыздын айта албай, аткара албай калган кандай кыялы бар эле?

— Ал депутат болгон күндөн тартып оппозициялык маанайдагы эл өкүлү катары таанылды. Бийликтин кемчиликтерин дароо сындап, мамлекеттик мүлктүн таланып-тонолушуна, жерлердин сатылышына каршы пикирин тайманбай эле билгизип жатты. Бул аракеттери ошол учурдагы бийлик өкүлдөрүнө жакпай, агамдын ишмердүүлүгүнө бут тосуулар арбыган. Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын коңшуларга өтүп кетишине күбө болгон агам абдан кейип, нааразы болуп жүрдү. Кээде экөөбүз баарлашып отурганда ушул эки жердин кайра артка кайтарылышы тууралуу сөз кылып, кыялданып калган учурлары болоор эле. Көксөөсү Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу болчу. Өмүрү өткөнчө ушул кыялды көңүлүндө кармап жүрдү.

Экс-депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики V созыва Гуласал Садырбаева во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Акматалиева
Гүласал Садырбаева: агам ябай боорукер эле, бизди бир да жолу кагып-силкип урушкан жок. Ар дайым өзүнүн калыс көз карашы менен айрымаланып турчу. Алсыздарга жан тартып, күчтүүлөрдүн терс аракеттерин ашкерелеп бетке айтчу.

— Сиздин да саясатка аралашууңузду агаңыздын аткарылбай калган кыялдарын ишке ашырууга аракет деп түшүнсөк болобу?

— Антип деле айтсак болот. Анткени мен шайлоо учурунда агамдын штабында көмөктөшүп көп жүрдүм. Саясат тууралуу кабарым бар болчу. Бирок мен 2010-жыл өткөн Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоо өнөктүгүндө "Ата Мекен" партиясынын катарында шайланып, бешинчи чакырылышта депутат болдум. 

— Эл Баатырынын акыркы күндөрүн эстеп айтып бересизби? Абалы кандай эле?

— Каркыраны коңшуларга өткөрүп жатканда агам кесиптештери менен Ысык-Көлгө барды. Депутаттарды жергиликтүү эл жумуртка менен кубалагандан кийин аябай нааразы болуп келип, көпкө кейип жүрдү. Ошондон кийин эле маанайы чөгүп өзү менен өзү болуп калды. Аны үстүнө буга чейин 2005-жылы агамды ууландыруу аракети болгон. Бирок бактыга жараша, анда аман калды. Каргашалуу окуядан кийин ким кылганын иликтейли десек агам аман калганыма сүйүнөлү, териштирүүнүн кажети жок, кимдер кылганы ансыз деле белгилүү, алар муну менен токтобойт деп болбой койгон.

Көрсө мунун баарын ошол учурдагы бийликтин кылганын өзү башында эле түшүнгөн экен. Көзү өтөөр алдында Жалал-Абадга эжебиздин үйүнө конокко барып калдык. Ал жактан чыгып коштошуп жатып, эжем тамашалап "Доке, өзүңдү кара, ооруба, сен бирдеме болсоң бизди ким жерге берет" деди. Анда агам "силерди Кубаныч коет, мен эмес" деп кесе айтты. Ошол учурда биз андай жообуна көп деле маани берген эмеспиз. Бир айдан кийин эле агам өтүп кетти. Анан ушул окуяны, айткан сөздөрүн эстеп, агамдын көрөгөчтүк касиети болгон окшойт деп да ойлоп калам. 

Депутат парламента, известный кинорежиссер и народный артист КР Дооронбек Садырбаев
из семейного архива Дооронбека Садырбаева
Дооронбай Садырбаев 2008-жылы 28-майда 69 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган. 2010-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

— Быйыл Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы. Анын алкагында кандай иштер жүрүүдө?

— Туулган күнүнө арнап 13-февралда чакан иш-чара өткөрдүк. Ага өлкө башчысы да катышты. Сөз сүйлөп жатып Сооронбай Шарипович күзүндө агамдын мааракелик 80 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө тапшырма берээрин айтты. Былтыр, 2018-жылы, Дооронбек Садырбаевдин бүт эмгек жолун чагылдырган "Даанышман" аттуу 6 томдук китебинин бет ачарын өткөрдүк.

Мындан сырткары, агамдын аты Бишкекте, Ошто бирден көчөгө берилди. Жалал-Абадда да Дооронбек Садырбаев атындагы мектеп бар. Ошондой эле агам өлөөр алдында досторуна "эгер көзүм өтүп кетсе, Ала-Бел ашуусуна эстелигимди койгула" деген экен. Быйыл эми күзүндө күтүлүп жаткан мааракени утурлай, эстелигин да тургузууну максат кылып жатабыз.

Тема боюнча

Жаш кезде кыйынчылыктарды көзгө илбей... "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты
Белгилер:
юбилей, маек, Дооронбек Садырбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ