22:33 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Атчан жигиттер. Архив

Манастын 40 чоросу жөнүндө фактылар. Алар кимдер, максаты, орду жана озуйпасы

© AFP 2019 / VYACHESLAV OSELEDKO
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (326)
3076 0 0

Кыргыздын оозеки чыгармаларында, ошол эле "Курманбек", "Эр Табылды", "Жаңыл Мырза" кенже эпосторунда кырк чоро, кырк чилтен, кырк жигит дегендер айтылат. Бирок алар Манастын 40 чоросундай бүгүнкү күнгө чейин эл оозуна алынган эмес.

Чоро - хандын жакын жигити, жолдош деген сөздөр менен маанилеш.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиевдин жардамы менен Манастын 40 чоросу тууралуу фактыларды даярдады.

Биз 40 чоро ким, кайдан келген, өтөгөн кызматы, орду, максаты, озуйпасы, милдеттери өңдүү суроолорго жооп издедик.

Эмне үчүн 30 же 60 чоро эмес?

Кырк чорону кенен түшүнүү керек. Алар кыргыздын оозеки чыгармаларынын көбүндө кездешет. Маселен Курманбектин, Жаңыл Мырзанын, Эр Табылдынын (кенже эпостор) кырк жигити тууралуу айтылат. Анткен менен Манастын кырк чоросундай таамай берилген эмес. Эмне үчүн 40, эмнеге 60 же 30 эмес деген суроо туулушу мүмкүн. Кырк деген ыйык сан. Буга кыргыздар өзгөчө мамиле кылып келген. Кыргызда кырк деген сан айтылганы менен турмушта колдонулбайт. Бир мисал, адам көзү өткөндөн кийин кыркылыгы өткөрүлөт. Бирок кыркынчы күнү, ага бир аз күн калганда же өткөндө болот. Себеби ал ыйык, аны колдонууга тыйым болуп калган. Маселен, Манаста дагы кырк чоро деп айтылганы менен ал жерде 84 адам бар. Ошонун 42си чоро, 42си алардын зардалы, нөкөрү, же мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.

Манастын 40 чоросу кантип куралган?

Эпосто "Атсыз жүргөн чорого атын берди эр Манас, тонсуз келген чорого тонун берди эр Манас" деп сүрөттөлөт. Кырк чоро кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралышкан. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Биринчи чоро Жакыптын койчусу болгон Ошпурдун баласы Кутубий (Чегебай) эле. 12 жашында Чубак келсе, Серек менен Сыргак Манастын көз алдында жарыкка келген. Анан барып Ырамандын ырчы уулу, Ажыбай кошулат. Көбү азган-тозгондор. Өз элинде, жеринде батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен. Эпосто "Чокудан алтын табышты, чокусу ушул экен деп чоро болуп жабышты. Кыргыздан чыккан кыраан деп, кыргыздан ушул табылды. Кыйыны экен кыргыздын, кырк чоро болуп жабышты" деп айтылат. Орой угулганы менен чындыгында чоролор Манаска "агалап-сагалап" келишкен.

Манас чоролордун алдында аталык, хандык озуйпасын аткарып мал-жан бөлүп берип, Каныкейдин нөкөр кыздарына үйлөнткөн. Ал кыздар бири-бири менен эже-сиңди, бир тууган, Каныкейге жакын санаалаш болгон.

40 чоро — азыркы өкмөт курамы

Кырк чоро азыркы түшүнүк менен айтканда, кандын улуттук же элдик гвардиясы. "Кырктын башы Кыргылчал" дейт, ал 40 чоронун башкарачуусу болгон. Булар кандын түздөн-түз буйругун аткаруучулар, жан сакчылары, аскердин негизги өзөгү болуп түзүлгөн. Чоролор согуш убагында жоокер болсо, тынчтык мезгилде коомдо жана эл ичинде ар кандай кызматтарды аткарган. Маселен, Ырамандын Ырчы уулу жар айтып, ырдап, аспапта ойноп, азыркы маданият министринин ордун аткаргандай. Дагы бир чоро Ажыбай 70 уруунун тилин билген. Ал дипломат, тилмеч, эл ортосундагы көпүрө болуп бере алган. Демек, ал тышкы иштер министрине тете десек туура. Далы ачып, төлгө салган Төлөбай (Төлгөбек) болгон. Калк башкарган Калкаман, эл башкарган Эламан дегендер айтылат. Мындайча айтканда, чоролор калк арасында кандай зарылчылыктар болсо, ошого карап иш кылышкан. Кырк чоро азыркы тил менен өкмөт курамы деп түшүнүүгө болот. Белгилүү чоролор деп Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек, Ырамандын Ырчы уулу, Шууту, Бозуул жана Кыргылчал эсептелинет.

40 чорого доо кетирген бийлик...

Кырк чоронун 12си Чоң казатта окко учкан. Калгандары Чоң казаттан кайтып келип, бул учурда Манас жаракатынан улам эки дүйнө ортосунда болуп турганда, тилекке каршы, бийликти көздөгөндөр жакка ооп кеткен. Арасында Манастын укум-тукумуна чейин кызмат кылгандары да болгон. Бийликке умтулуу, бири-бири менен кагыштыруу, чабыштыруу көбүнчө кырк чоронун башчысы Кыргылчалга таандык мүнөз. Манастын ак никесине доо кетирип, "Каныкей менен Чубак ойнош" деп сөз жайылтат. Алмамбет менен Чубактын да чырына себепкер болот. Мунун айынан антташкан ынак достор бири-бирине кол көтөрүп, кылычты кынынан чыгарганга чейин барышкан. Бул эки достун мамилесин бузуу менен кыргыз элинин башында турган Манасты алсыздантып, өзү бийликке келүү же болбосо өзүнүн ыңгайына туура келген адамды бийликке алып келүү же сырткы душмандарга кыргыз элин салып берүү аракетинде болгон. Акырында Абыке менен Көбөштүн бийликке келишин кубаттап, Семетейди жок кылып, Манасты тукум курут кылууну көздөгөн. Манастын аталаш агалары же "алты арам" Абыке, Көбөш, Чыйбыт, Кочкор, Адыбай жана Көлбай — Жакып менен Бакдөөлөттүн балдары. Жакыптын улуу байбичеси Чыйырдыдан Манас, Бакдөөлөттөн болсо жогорудагы алты уул төрөлүп жатат. Эгер кандын аркасында тукум болбосо, алардын кызматка келиши мыйзам боюнча дагы, салт боюнча дагы туура болмок. Анткен менен эл Абыке, Көбөштүн бийлигин кабыл алган эмес.

Семетейдин айкөлдүгү, улуулугу, кечиримдүүлүгү ушунда болсо керек, "атама кызмат кылган 40 чорого кантип каршы чыгам" деп Кыргылчалды бир нече ирет кечирген. Манас деле Кыргылчалдын иш-аракеттерин көрүп-билгени менен көз жуумп койгон. Негизи Манаста оң жана терс каармандар деген жок. Оң каарманда терс мүнөз, терс каарманда да оң мүнөз болушу мүмкүн. Кийинчерээк Кыргылчал Семетейдин эң жакын жардамчысы Күлчоронун колунан каза табат. Ошону менен кырк чоронун да ишмердүүлүгү токтогон.

Семетей менен Сейтектин 40 чоросу болгон эмес

Саякбай Каралаевдин вариантында чоролор тууралуу кенен айтылат. Анткен менен айрым варианттарда Семетей Букарда чоңоюп, анан Ала-Тоого (Талас) кайтаарда таякеси Чачыкейди алып берип, ага кошуп "жеңилиңди жерден алсын, ооруңду колуңдан алсын" деп кырк чоро бөлүп бергени айтылат. Бирок Семетейде дагы, Сейтекте дагы Манастын кырк чоросундай кенен маалымат берилбейт. Семетейдеги Күлчоро менен Канчоронун ысымдарына бекеринен "чоро" деген сөз уланбаса керек. Алар эпосто чоролорго тете орунду ээлеген.

Чоролордун жаткан жери, эстеликтери

Семетей бийликке келгенден кийин Манастын аталаш бир туугандары Абыке менен Көбөш Каныкейдин колунан каза табат. Ал эми Адыбай, Көлбай, Чыйбыт, Кочкор жана 40 чоронун айрымдары азыркы Нарындагы Кочкор районуна коюлган. Кочкор жергеси дал ушул Жакыптын баласынын атынан коюлган деп да айтылат. Кытайда Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда Сыргактын, Музбурчактын мүрзөсү бар.

Мындан үч жыл мурда Кытайдагы Улуучат шаарчасынын кире беришинде Манас ата менен анын кырк чоросунун эстелиги тургузулуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Кытай өкмөтү айкелдерди курдуруу үчүн 5 миллион юань сарптаган.

Кырк чоронун айкелдери Таластагы "Манас Ордо" комплексинде да бар.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (326)

Тема боюнча

Манас 40 чоросу менен тору кунан берип кеткен. Балык Кумар уулу тууралуу 17 факты
Бул аттарды баатырлар, эрлер минген! "Манас" эпосундагы тулпарлар. II бөлүк
Белгилер:
факты, бийлик, жоокер, кырк чоро, Манас эпосу

ЭҢ МААНИЛҮҮ