Эртеңден тарта "Коопсуз шаар" иштей баштайт. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолдогу камералар. Архив
Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин он көчөсүнүн кесилишине керектүү жабдуулар орнотулуп, 12-февралдан тарта толук түрдө иштей баштайт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштеп, борбор калаанын он көчөсүнүн кесилишине орнотулган жабдуулар эреже бузгандарды каттоого ала баштайт. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Камералар Бишкектеги көчөлөрдүн 10 кесилишине жана аймактардагы 17 жерге коюлду. Алар эреже бузуунун 7 түрүн каттоого алат:

Кызыл жарыктан өтүп кеткендерди;

Каршы тилкеге чыккандарды;

Тротуарга, веложолго, газонго жана киши баса турчу жолго чыгып кеткендерди;

Жол чырактын алдындагы токтоочу сызыктан (стоп-линия) өтүп кеткендерди;

Киши өтүүчү чийинге токтоп алгандарды;

Ылдамдыкты жогорулаткандарды;

Аялдама жана машина токтотуучу жайдагы тартипти бузгандарды;

Жол эрежесин бузгандарды каттоого ала турчу камералар жолдун жээгине орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0