Маданият министрлиги балдарга арналган чыгармаларга сынак жарыялады

Жазылуу
Чыгармалар кыргыз тилинде, проза, поэзия жана котормо жанрлары боюнча кабыл алынат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдарга арналган чыгармалардын ачык сынагын жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, чыгармалар кыргыз тилинде, проза, поэзия жана котормо жанрлары боюнча кабыл алынат.

"Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт. Ал үчүн уюмдан же мекемеден сунуш кат, автордун анкеталык маалыматы, өмүр баяны, мүнөздөмөсү, сүрөтү жана сунушталган чыгарманын кыскача аннотациясы талап кылынат", — деп айтылат маалыматта.

Материалдар 8-янардан тарта 1-мартка чейин Пушкин көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан министрликке караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинде кабыл алынат.

Сыйлык Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленген 1-июнда тапшырылмакчы. Байланыш телефондору: 66-03-32, 66-39-15.

Жаңылыктар түрмөгү
0