Кыргызстанда бир уюлдук оператордон экинчисине чалуу арзандады

Жазылуу
Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги үч уюлдук байланыш оператордун ишмердигин текшерип, мыйзам бузуулар бар экенин аныктады.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин эскертүүсүнө ылайык, тармактан тышкаркы чалуулардын баасын арзандатты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Экспорт автомобилей в Йокогаме, Япония - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо: унааны өз атына каттатуунун баасы ишеним каттан арзан болот
Мамлекеттик агенттик анализ жүргүзүп "Альфа Телеком" ЖАКы (MegaCom бренди), SkyMobile ЖЧКсы (Beeline бренди) жана "Нур Телеком" ЖЧКсы (О! бренди) рынокто үстөмдүк кыларын жана "Атаандаштык жөнүндөгү" мыйзамды бузуп жатканын аныктаган.

Аталган компаниялар тармактан тышкаркы чалуулардын баасын жогорулатып алышкан. Уюлдук операторлорго бул чекиликти 2018-жылдын 21-декабрына чейин жоюу тапшырылган.

"Берилген эскертүү белгиленген мөөнөттө аткарылды. Компаниялар тармактар аралык байланыштын коюмун 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп жаткан коюмдардан 14 пайызга азайтуу жана ар жарым жыл сайын 50 тыйынга арзандатуу жөнүндө келишимге кол коюшту", — деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ошондой эле тармактар ортосундагы чалуулар үчүн белгиленген коюмдун төмөндөшү абоненттер үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0