БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаңы жыл майрамында кыргызстандыктардын 7 күн эс алуу боюнча сунушун колдоого алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, өкмөттүн "2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтом долбооруна ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январын, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майын дем алуу күндөрү кылуу сунушталган болчу.
Анда жылдын жаңырышына карата 30-31-декабрь (2018-жыл) жана 1-2-январь (2019-жыл) майрамдык, иш күн болбой тургандыгы айтылган.
"2019-жылдагы эс алуу күндөрүн өзгөртүү боюнча" деп аталган министрликтин токтомунда 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда, андан сырткары 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.
8-апрель эс алуу күнү (7-апрель эс алуу күн болгондуктан) 3-январдагы иш күнгө өтөт;
2-сентябрь эс алуу күнү (31-август эс алуу күн болгондуктан) 4-январдагы иш күнгө жылат;
6-май эс алуу күнү (5-май күнү эс алуу болгондуктан) 10-майдагы иш күнгө жылат.