Жаңы жылда 7 күн эс алууну өкмөт колдоого алмай болду

Жазылуу
Бул долбоор өкмөттүн сайтына коомчулуктун талкуулоосу үчүн жайгаштырылган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik.  Өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаңы жыл майрамында кыргызстандыктардын 7 күн эс алуу боюнча сунушун колдоого алат.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, өкмөттүн "2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтом долбооруна ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январын, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майын дем алуу күндөрү кылуу сунушталган болчу

Анда жылдын жаңырышына карата 30-31-декабрь (2018-жыл) жана 1-2-январь (2019-жыл) майрамдык, иш күн болбой тургандыгы айтылган.

"2019-жылдагы эс алуу күндөрүн өзгөртүү боюнча" деп аталган министрликтин токтомунда 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда, андан сырткары 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Январда аба ырайы былтыркыдан өзгөчө болот. Синоптиктердин божомолу
Эс алуу күнү 25-февраль (23-февраль майрам болгондуктан) 2-январдагы иш күнгө жылат;

8-апрель эс алуу күнү (7-апрель эс алуу күн болгондуктан) 3-январдагы иш күнгө өтөт;

2-сентябрь эс алуу күнү (31-август эс алуу күн болгондуктан) 4-январдагы иш күнгө жылат;

6-май эс алуу күнү (5-май күнү эс алуу болгондуктан) 10-майдагы иш күнгө жылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0