Айжан Акылбекова: тилекке каршы, үч уулум тең саясатка кызыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековОбщественный деятель, актриса Айжан Акылбекова
Общественный деятель, актриса Айжан Акылбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта дизайнерлердин студиясына маек алганы барсаң, өзүнөн мурда кийим-кечегин сүрөткө тарттырып алганга ашыгышат. Мен адатымча Айжан Акылбековага: "Сизди фотограф суйкайта "чырк" эттирди, эми элечектерди тарталыбы?"- десем, "кереги жок" деп андан ары суроого өтүшүмдү айтты.

Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бүтүндөй командам сызга отургузуп кеткен. Дизайнер Замира Молдошева менен маек
Акылбекова калың элге бир кездери "Апамдын махабаты" сериалындагы ролунан кийин таанылган. Карьерасын "Замандаш" бирикмеси менен партиясынын негиздөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновго турмушка чыккандан кийин жыйынтыктаган. Учурда ал коомдук иштерге активдүү катышып, улуттук кийимдерди даярдаган "Оймок Арт" студиясын жетектеп келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Айжан Акылбекова менен ишмердүүлүгү, алдыдагы ой-тилек, максаттары жана азыноолак үй-бүлөсү тууралуу маек курду.

— Акыркы жылдары улуттун кызыкчылыгын көздөгөн "100 элечек", "Элечек жумалыгы" аталышындагы долбоорлорду ишке ашырып, айымдарга улуттук кийим кийгизип, сүрөткө тартып, интернетке жүктөп келесиз. Бул сизге эмне берет?

— Улуттун кызыкчылыгынан тышкары аялдын аруулугун да көргөзүп жатабыз. Мен мусулман катары аялдын авратын (уяттуу жерлерин) жапкан кийимдерди тартуулап Кудайдын алдында милдетимди аткарып жатам деп билем. Экинчиден, маданиятты, өзүңдү туура алып жүрүүнү башка элден издебей, өзүңдүн түпкүрүңө кайрыл деген ойду бергим келет. 

— Долбоордон материалдык пайда табуу мүмкүнбү?

— Жок. Бул жакшыбы, же жаманбы билбейм, бул жаатта ишиме баа бере элекмин. Адам чоң максатты көздөсө, акчаны биринчи орунга койгону туура эмес. Биздин долбоорлорду ушул чакан студия каржылайт (Оймок Арт — ред.). Кийим-кечекке буйрутмаларды алабыз, тигип сатабыз. Кездеме, чүпүрөк сатып алгандан тышкары кызматкерлердин эмгек акысын чыгарып берем.

— Студиядагы эң кымбат жана эң арзан кийим кайсыл?

— Биз эконом жана люкс класстарында кийимдерди чыгарабыз. Эң арзаны кеп такыя — 500-600 сом. Кымбаты 20 миңдин тегерегинде.

— Сиздердин кардарлар кимдер?

— Жаштарбы, улууларбы, айырмасы жок. Үч жылдан бери бир нерсени байкадым. Биздин дүкөнгө орточо маяна алган адамдар келишет.

— Кийимдерди чет мамлекетке экспорттоюн деген пландар барбы?

— "Оймок Артты" башка мамлекеттерге ачат элем деген сунуштар көп. Анын иштеши боюнча план түзүп, чыгымдарды эсептешим керек. Мен азыр башка долбоорлор менен алек болгондуктан коммерциялык багытка кийинчерээк токтолушум мүмкүн.

— Кийимдерге кездемелерди кайсы жактан алып тигесиңер?

— Эл катары базардан, жергиликтүү дүкөндөрдөн алабыз. 

© Фото / Оймок-Арт студия / Адиль РашидовКоомдук ишмер Айжан Акылбекова улуттук баалуулукка басым жасаган "100 элечек" жана "Элечек жумалыгы" долбоорлорун өткөргөн
Проект 100 и 1 женщина в элечеке - Sputnik Кыргызстан
Коомдук ишмер Айжан Акылбекова улуттук баалуулукка басым жасаган "100 элечек" жана "Элечек жумалыгы" долбоорлорун өткөргөн

— Командаңызда канча адам бар? Жетекчи катары кандай талаптарды койгонсуз?

— Көп нерсени кечирем. Бирок кечиккен киши менен калп сүйлөгөндөрдү жек көрөм, аны бардыгы билет. Калган нерсени үйрөтүп алса болот. Студияда 5-6 адам эмгектенет.

— Кыздарды иш учурунда жоолук салынып жүрүшү керек деп айткан учуруңуз болобу?

— Жок! Мен керек болсо антип апама да айтпайм. Ар кимдин өз жолу бар. Мен өзүмдүкүн эч кимге таңуулап, мажбурлай албайм.

— Учурда улуттук колориттеги кийимдерди даярдаган студиялар, дизайнерлер көбөйүп барат. Атаандаштыкка кантип туруштук берсе болот?

— Мен дизайнер эмесмин. Дегеним, атайын билимим жок. Алар менен теңтайлаша иштешип, көргөзмөлөрдү тартуулайын деген планым да жок. Менин максатым башка. Бул студия, кийим жасоо, максаттарымды ишке ашыра турчу бир тепкич же бутак деп айтат элем.

— Бир кездеги хиджаб кийимдер коллекцияңыз эмне болду?

— Ар бир нерсенин мезгили болот. Бул менин жашоом жана образым. Элечек кийсем да, хиджаб кийсем да диним талап кылган нерсени аткарып, денем жабык жүрөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАкылбекова: киного кайтуу оюмда жок. Саясатка баруудан да баш тарткам
Общественный деятель, актриса Айжан Акылбекова - Sputnik Кыргызстан
Акылбекова: киного кайтуу оюмда жок. Саясатка баруудан да баш тарткам

— Дизайнерликтен сырткары кандай ишкерликти аркалайсыз, башка кандай каржы булагыңыз бар?

— Албетте, бир гана кийим студиясы менен жан багуу мүмкүн эмес. Көп балалуу эненин катарындамын. Ишкерлигим тууралуу кенен айтпай эле коеюн.

— Жакында эле Швецияда "Кыргыз биримдиги" диаспорасы тарабынан элечек жумалыгы тартууланды. Демек, уюштуруучулар саамалыкты сиздин уруксат менен дүйнөнүн ар тарабында өткөрө берсе болот экен да?

Кыргызский дизайнер верхней одежды Жумагуль Сариева - Sputnik Кыргызстан
Соодалашкан байларга чапанды бекер эле карматам. Дизайнер Сариева менен маек
— Өткөрөлү дегендер арбын. Бирок бардыгына эле макулдук бере бербейм. Себеби алардын башкалардан Айжан Акылбекованын долбоорун өткөрүп жатабыз деп каражат сурашын каалабайм. Ар дайым жагымсыз окуялардын алдын алганга аракет жасайм. Швециядагы кыздар бизге элечектен башка эч нерсе кереги жок дегендеринен улам уруксат бергем. Былтыр Москвада өткөн элечек долбоорун өзүбүз каржыласак, катышуучуларды "Айым" коомдук бирикмеси таап берген.

— Чет мамлекетте кыргыз элечеги менен жүргөн кыз-келиндер өткөн-кеткендерди кызыктырып, суктанууну жаратса керек. Иш сапардагы жагымдуу учурлар тууралуу айтып берсеңиз.

— Москвадагы элечек жумалыгы укмуш эле болгон. Шаарда кыздар менен бир күн кечке элечек кийип басып жүрдүк. Орустар тизелеп жыгылып, бизди "ханыша" дегенде бир четинен толкундансак, экинчиден ыңгайсыз абалда болдук. Элечек кийген кыздар кечинде чечкиси келбей, "Москвада жашап жүрүп мындай сыйды көргөн эмеспиз" деп ыйлаганга чейин барышкан. Аз да болсо сыртта маданиятыбызды тааныта алдык деп ойлойм.

— Элечек боюнча долбоорлордо канчалык деңгээлде максатыма жеттим деп ойлойсуз?

— Мурда, тагыраагы 5-6 жыл мурда, элечек кийип өтүп баратсам, аркаман кызыгып ээрчип "Сиз артистсизби, театрдан келе жатасызбы?" деп сурашчу. Азыр ишенесизби, мени эч ким карабайт. Көп болсо Акылбекова элечеги менен кетип баратат деп коюшар. Дүкөнгө элечекти күнүмдүккө, тойго, белекке алат элем дегендер келет. Эл Ош базардагы картон элечек менен оролгон элечектин айырмасын ажыратып, баалап калды. Биздин көздөгөнүбүз ушул болчу.

— Бир кезде алып баруучулукту аркалайм деп жүрдүңүз эле, ал ишиңизге эмне болду?

— Мага автордук долбоор жагат. Журналистиканы аяктап жатканда бир жылдай практика өттүм. Кийин балдар менен алектенип жүрүп ишке колум тийбей калды. Азыр маалымат күн сайын эмес, саат сайын алмашууда. Бүгүн алган билимиң эртеңкиге жарабай калышы ыктымал. Балким билимимди жогорулатып калсам, кайрадан телеге кайтып калармын.

— Автордук берүүнү кандай форматта алып чыкмаксыз?

— Дүйнөлүк саясатка кызыгам.

— Келечекте маркум жолдошуңуз Мухтар Өмүракуновдун жолу менен саясатка барайын деген ой барбы?

— Жок. Саясатта түшүнбөстүк, таарынышуулар көп болот. Бир-эки адамга барбайм дегем, туура түшүнүшсө керек. Саясатчы менен жашагандан кийин ал сөзсүз жашооңо таасирин калтырып кетет экен. Саясатты изилдөө, анализ жүргүзүү, көз жүгүртүү сыяктуу адаттарым бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйжан Акылбекова: мен мусулман катары аялдын авратын (уяттуу жерлерин) жапкан кийимдерди тартуулап Кудайдын алдында милдетимди аткарып жатам деп билем.
Общественный деятель, актриса Айжан Акылбекова - Sputnik Кыргызстан
Айжан Акылбекова: мен мусулман катары аялдын авратын (уяттуу жерлерин) жапкан кийимдерди тартуулап Кудайдын алдында милдетимди аткарып жатам деп билем.

— Ал эми киного тартылып, сизге ыңгайлуу роль болсо актрисалыкка кайтуу боюнча оюңуз барбы?

— Жок. Студент кезде киного тартылдым, окуумду бүтөөрүм менен бардыгы жыйынтыкталды. Турмушка чыга электе 40 жашка чейин кино тармагында эмгектенем деген ой болгон. Сахна жаштыкты, сулуулукту талап кылгандыктан андан ары кармалуу мүмкүн эмес эле. Актрисалык менин жашоомдун этабы. Өсөм деген адам артка кайрылбашы керек деген ойдомун.

Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
Жалп өчкөн жаш өмүр, жасалбай калган иштер. Мухтарбек Өмүракунов тууралуу 5 факты
— Өткөндө социалдык тармактан ортончу уулуңуз Атахандын математика боюнча дүйнөлүк олимпиададан күмүш байге алганы менен бөлүштүңүз. Башка уулдарыңыз эмнелерге кызыгат?

— Үч уулум тең мектеп окуучусу. Эртең менентен баштап кечки алтыга чейин окушат. Баары тең математикадан мыкты, дүйнөлүк олимпиадага катышып жүрүшөт. Улуу балам Болгариядан коло, Таиланддан күмүш медаль алды. Кичүүсүнүн да коло байгеси бар.

— Математиканы тандашы балдардын жеке каалоосу болдубу же сиз түрткү бердиңизби?

— Балдардын жакшы окушун талап кылбайм. Үй тапшырмаларын деле текшербейм. Каражат төлөнгөн мектепте окугандыктан, алар менден башында сизге кандай жардам керек сурашкан. Мен уулдарыма "Жакшы окусаңар арзандатып беришет экен, мага жардам болмок" деп бир ооз кеп кылгам. Азыр үчөө тең арзандатуу менен окуйт.

— Балдарыңызды келечекте кандай кесипте көргүңүз келет? Ата жолу менен саясатка аралаштырайын деген ой барбы?

— Балдарым ишкер болсо дейм. Ортончусу архитектор болууну самайт. Тилекке каршы, үчөө тең саясатты көп сүйлөшөт, мен бирок балдарга саясат тууралуу ойлонбогула деп айтам. Эми анализ жүргүзгөнү жакшы, анткени ишкерлик менен саясат тыгыз байланышта. Бирок саясатка барышын каалабайм. 

© Фото / Оймок-Арт студия / Адиль РашидовАкылбекова: дизайнерлер менен теңтайлаша иштешип, көргөзмөлөрдү тартуулайын деген планым жок. Менин максатым башка.
Проект 100 и 1 женщина в элечеке - Sputnik Кыргызстан
Акылбекова: дизайнерлер менен теңтайлаша иштешип, көргөзмөлөрдү тартуулайын деген планым жок. Менин максатым башка.

— Адамга адам себепчи деп коюшат. Сиздин кол алдыңызда иштеп жүрүп жоолук салынган кыздарды билем. Мындай учурда эмнени сезесиз?

— Кудайга шүгүр. Менин да дин жолуна келишиме бир адам себепчи болгон. Жоолук салынганы үчүн мага ыраазычылык айткандары да, билдирбегендери да бар. Бул сендеги жоопкерчиликти жогорулатат, терс жагымды көрсөтпөсөм экен деп кооптоносуң.

Жаңылыктар түрмөгү
0