Жумагүл Сариева учурда белгилүү дизайнерлердин бири, "ChapanSar" студиясын жетектеп, улуттук чапан, кийимдерди элге тартуулап келет. Уз менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова маек курду.
— Дизайнер биринчи кезекте cүрөтчү болот деп коюшат.
— Табият берген сүрөтчүлүк шыгым бар. Биринчи жолу 8-классымда окуп жүргөндө герб менен тоонун алдындагы окуучу кызды тартып 200 сом алгам. Ал бир топ акча болчу да, жадакалса мага пальто сатып беришкен. "Жаш Ленинчил" гезитине мен тарткан сүрөттөр менен кроссворддор чыгып турчу.
— Сүрөткө болгон кызыгуу анда дизайнерликке алып келген турбайбы?
— Мектептин кийими жакчу эмес, окшош нерселерди жактырчу эмесмин. Апам сатып берген кийимдерди өзгөртүп тигип кийип алчумун. Ал гана эмес, курбу кыздарымдыкын да башкача кылып тигип берчүмүн. Миң-Куш Советтер Союзунун убагында шаар тибинде өнүккөн аймак болчу. Орус кыздар-балдар чогуу өсүп, ары-бери чайпала басып мода көрсөтүп ойночубуз. Мен кыздардын чачын лента аралаштырып өрүп, чыттан көйнөк тигип берчүмүн. Ал убакта ырчы, комузчулар сахнага ошентип чыкчу. Ала кийиз, шырдакка оймо түшүрүп, апама жардам берчүмүн.
Кийин Москвада жашап калганда журналдардагы кийимдерди көрүп тигип, оймо чийип, балдар бөлмөсүн жасалгалап (интерьер), кийизден кооз буюмдарды жана жаздыктарды жасап каражат таптым.
— Негизи коомчулукка чапан менен иштеп жүрүп таанылдыңыз окшойт. Деги эле бул идея кайдан келген?
— Апам билимдүү, бардар кишинин кызы болгон экен. Ага базардан чапан сатып берсек жактырчу эмес. "Ай, илгери мындай кийимдерди кийген уят болчу" эле дей берчү. Көрсө ал совет убагында биздин коопсуздук үчүн үн каткан эмес экен, бай-манаптын кызы болуптур. Анан апама жаккан чапанды өзүм тигип берейин деп канча күн китепканада кийимдердин үлгүсүн издеп жүрдүм. Апам кыргыздын нукура кийимдерин тигүүнүн көп ыкмасын билгендиктен, андан көп кеңеш алдым. Акыры апам каалаган чапан тигилди. Ошондон кийин бул ишти колго алдым. Илгери кыргыздарда адамдын кийген кийиминен, тагынган чачпак, шуруларынан анын тагдырын, жашоосун билип койчу экен. Кийимдин аркасында уникалдуу түшүнүктөр жатат. Мен аны азыркы жашоодо жайылтууну эп көрдүм. Кийим аркылуу маданиятыбызды даңазалагым келет.
Чапан жоголуп бара жаткан кийим эле, муну сактап калыш үчүн көп убакыт, күч-кубат сарптадым. Студия ачып, атын "ChapanSar" койдум. Аны саркеч чапан деп дагы, Сариева деп дагы түшүнсө болот. Мунун бардыгы 2011-жылы башталды.
— Акыркы жылдары улуттук кийимдерди кийген жана тиккен адамдар көбөйдү. Бул сиздин ишмердүүлүгүңүздүн таасири болсо керек, идеяңызды уурдап кеткендер арбынбы?
— Биз жол көрсөтүп бердик деп ойлойм. Азыр кол өнөрчүлөр көп, бирок кийимдин түп тамырын өзгөртүп салбаса экен деген санаа бар. Ар бир иштерман адам артында турган милдетти унутпашы керек. Маселен, мага чет жерден коллекцияга буйрутма келсе, ошого жараша тигип чыгам. Аны көргөндөр мындан да өзгөчө кылам деп чапандын түпкү келбетин бузуп салат. Менин коллекциямда деле тентектик бар, бирок ар өлкө үчүн ар башка болот. Аны башкалар көчүрүп алганда бөлөк нукка кирип кетиши мүмкүн.
Идеямды уурдаган дизайнерлер арбын. Эң оболу материалдык жактан уттурасың. Арзан чүпүрөк-чапырак менен оңбогондой пайда тапкандар бар.
— Командаңызда канча адам иштейт?
— Учурда коллектив менен жаңы коллекцияларга даярдык көрүлүп жатат. Америка, Германия менен беш жылдан бери иштешебиз. Командам жаш, аракеттенип, изденип жатышат. Кээде эркелеп кетишет. Менин милдетим жаштарга эскиче көз карашты заманбап стилде алып чыгууну үйрөтүү.
— Өзүңүздүн кийимдериңизди киесизби?
— Өткөндө үйдү иреттеп жатып чапанымдын көптүгүн көрдүм. Атайын тикпейм, коллекцияга даярдалгандардын бирин алып коем. Мурда өзүм тикчүмүн, азыр убакыт артпай калды.
— Чапанды элге алып чыгууну мурда эле ойлонсом болмок экен деген ойлор болобу? Эгер ошондой болсо эл кандай кабыл алмак?
— Ар бир нерсенин бышып жетилген убагы болсо керек. Мен атаны, эркекти ыйык туткан үй-бүлөдө чоңойгом. Ошон үчүн болгон күчүмдү жолдошумду колдогонго, балдарымды ага күч келтирбей бакканга аракет кылдым. Эптештирип оокат кылчубуз. Керек болсо атасынын көйнөгүнөн кыздарыма кийим тигип берчүмүн.
Төрт баланы окууга алып барып, тамак-ашын даярдоо деле чоң жумуш. Үйдө оюнчук, панно, анча-мынча кийимдерди жасап каражат чогулттум. Андан кийин балдарым чоңойду, кичүүлөрү эгиз. Ошолордун түйшүгүнөн арылгандан кийин анан дизайнерликке өттүм окшойт. Улуу кызым Америкада, экинчиси Кытайда иштейт. Эгиз уул-кызым быйыл окуу жайды аякташат.
— Дизайнерлик сиз үчүн бизнеспи?
— Ишкерликти начар алып барып атамбы деп ойлоп жатам. Ал үчүн жүрөгүң муздагыраак, эсепти мыкты жүргүзгөн киши болушуң керек. Чыгармачыл адам болсо кыял менен жашайт.
— Кыргызстанда сиз курактуу профессионал дизайнерлерден уучубуз куру эмес. Галина Байко, Татьяна Воротникова, Дилбар Ашимбаева, Замира Молдошева… Араңыздарда атаандаштык барбы?
— Жок, ар бирөө алтын байлык да! Булар Кыргызстанды кооздойт, тескерисинче, көп болушу керек. Иштермандык бири-бирине тоскоолдук кылбайт. Көргөн жерден сүйүнүп саламдашабыз.
— Колдон чыккан ар бир эмгек өзгөчө болсо керек, ошентсе да жакшы көргөнүңүз кайсы болду?
— Өткөндө мыкты чапандар сатыкка чыкпай турат, жардамчы кыздан сурасам "ал жакшы жасалган да.." дейт. "Мен коллекцияны, сен чапандарды кат, анан кантип элге кийим сатабыз" деп күлдүм. Чет элдик сүрөтчүнүн маегин окусам ал дагы "сүрөттөрүмдү сатканга колум барбайт" деп айтыптыр. Ошон үчүн көңүлүңө жакын чапандарды кыйылып жатып сатасың. Ар бир чапан балам сыяктуу, таарынып калабы деп так бирин айта албай турам.
— Чапандарыңыз кымбат баада сатылса керек, эң нарктуусу кайсы болду?
— Бизде кийимдерди кымбат сата албайсың. Мага бай кардардар деле чанда келет. Анүстүнө акчалуу кишилер деле соодалашканын койбойт, анан мага Ош базардын баасын мисал кылып жиберишет. Андайда ачуум менен бекер карматып ием же дагы бирдеме болот. Өткөндө эле кыздарым мага арзандатуу боюнча атайын стандарттарды сунуштап, сын айтып өтүштү. Белекти чоң чапандардан эмес, чыптамадан баштаңыз дешти. Ичим ачышканы — кыргыздын кийими эмнеге бекер турушу керек же баасы төмөн болушу зарыл?..
— Чапанга байланыштуу кызыктуу окуялар көппү?
Болгариядагы көргөзмөдө алып баруучу алгач ошол жактын белгилүү ырчысын чакырмак экен, толкунданып кетип "Сариева" деп айтып алган. Берки ырчынын кыжырына тийип алганыбызды байкагам, бирок кеченин соңунда өзү келип "жаңылганга тете кийимдер" экен деп чапанга суктанган.
Алгачкы коллекцияларыма байланыштуу окуя эсиме түштү. Кардар кызымдын мурдагыдан да чырайына келип, жүзү кулпуруп, түз басып калганын байкадым. Ал мага "чапан мени тарбиялады, көчөдөн кетип баратсам эле элдин баары токтотуп сурай бергендиктен өзгөрүүнү чечтим" деп кубандырды.
Пенсия курагындагы үй-бүлө "Жумагүл, көчөгө эле баскыбыз келип калды" дейт. Алар окшош кылып тиктиришкен эле, эшикте жүрсө деле, дүкөнгө кирсе деле кызыгып сурап, сүрөткө түшкөндөр болуптур. Абышкасы "бир пияз алсак да чогуу барчу болдук, кемпиримди жаш кезинде колтуктаган эмесмин" деп тамашалап күлдү. Мага негизи карапайым адамдардын ою маанилүү, алар жыл сайын катары менен чапан сатып алышпайт жана баалап-барктап кийишет.
"Курманжан датка" фильминдеги актерлор үчүн тигилген формаларды да абдан сыймыктануу менен эстейм.
Биз Кыргызстандын кардарлары үчүн бышып жетилдик деп ойлойм, эми дүйнөлүк аренада улуттук кийимдерди жайылтууну максат кылып келебиз.