04:08 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Төрөкул Айтматов жана Нагима Айтматова. Архив

Төрөкулунун бейитин таппай... Нагима Айтматова тууралуу 15 факты

© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (324)
224510

Коммунисттик партия жана совет өкмөтү үчүн жан дили менен кызмат кылган Төрөкул Айтматовдун жары өмүрүн бүт бойдон күйөөсүн күтүү менен өткөрдү. Ошол эле учурда ал турмуштун оор запкысын көтөрүп, беш баланы төрөп, эки уул, эки кызды бапестеп өстүрүп, тун уулу Чыңгызды жалпы адамзаттын баласы катары тарбиялап берди.

Мына ушул эне тууралуу 15 фактыны Абдыкерим Муратов сунуштайт.

1. Нагима Айтматованын ата-теги. Нагима апайдын атасы Хамза Хасанович Абдулвалиев (айрым документтерде Габдулвалиев) Утямыш-Гирей тукумунан, анын ата тегинде Россия канышасы Екатерина IIге товар ташыган атактуу көпөстөр өткөн. Алар азыркы РФтин Татарстан Республикасынын Кукмар районунун Мачкара кыштагынан. Хамза Абдулвалиев ошол айылда 1850-жылы туулган. Аялы — Газиза Абдулвалиева. Алар Мухамеджан, Сабиржан, Шариф, Абдула, Нагима, Гульша, Зейнаб, Асия аттуу балалуу болушат. Хамза Абдулвалиев 1887-жылы Ала-Тоо аймагына көчүп келет да, Караколду байырлап калат. Сибирь соода-өнөр жайынын 1913-жылдагы каттоосуна караганда ошол жылы Абдулвалиевге таандык Пржевальск шаарында галантереялык товарлар дүкөнү, булгаары заводу, боёк, лак жана олифтер фабрикасы, бир тууганы менен теңшерик ачкан мануфактуралык товарлар соода үйү болгон. 1905-жылы дүкөнү бар үй курат. 1909-жылы 3800 рублге эки кабаттуу жыгач үй сатып алат. Кыйла байып, II гильдиядагы көпөс даражасына ээ болот. Бүт байлыгын, анын ичинде 1925-жылы Базарный көчөсү №79/133 деген даректеги үйүн, 1928-жылы 23-июнда Октябрь, Крупская, Парк көчөсүндөгү үйлөрүн Кеңеш өкмөтү тартып алган. Өзү жана балдары туш келди, бири Маргалаңга, бири Ташкентке куугунтукталып, 1932-жылы жакырчылыкта көз жумган.

2. Көл башында туулган Нагима апай. Ысык-Көлдүн Чүй өрөөнүн Кашкар менен байланыштырган кербен жолундагы бул шаар бир канча жолу атын алмаштырды, 1869-1889-жылдары Каракол, 1889-1922-жылдарда Пржевальск, 1922-1939-жылдарда кайра Каракол, 1939-1992-жылдарда кайра Пржевальск, 1992-жылдан бери Каракол деп аталып келет. Дал ушул шаарда, ал кезде Пржевальск атын алып турганда, 1904-жылы 7-декабрда Нагима Хамза кызы туулган.

3. Шаардагы эң бай жана маданияттуу, билимдүү үй-бүлөдө тарбия алган. Абдулвалиевдердин үй-бүлөсү чоң бүлө болгон. Ошол кезде эле атайын бала-чакасы менен түшкөн сүрөттөрү архивдерде сакталып калган. Жетилген алма багы да бар экен. Үй ичи абдан иреттүү жыйналып, полго перс килемдери, столго ак дасторкон салынып, дасторкондо гүлдөр, таттуулар, жер-жемиштер турчу дешет кийин эскерүү жазгандар. Там аркасы, багы түшүмдүү жана саябандуу келип, өздөрү кыям жасап, кышка бадыраң, помидорлорду туздап алышкан. 1921-жылдан бул үй адегенде Ломоносов атындагы, кийин Киров атындагы мектептерге берилген.

4. Жалындаган комсомолдук курак. Нагима Абдулвалиева 1925-жылы Каракол шаарындагы орус мектебинин эки баскычын бүтүрөт (айрым маалыматтарда аялдар гимназиясын), медициналык училищеге киргиси келет, бирок аны "байдын кызы" деп албай коёт, ал мезгилде шарт ошондой эле. Стенографисттер курсуна кирип, ошол жерден комсомолго өтөт. Орусча мыкты билген, өжөр, тыкан, таза, билимдүү, сабаттуу татар кызы Караколдо жаштар арасында лидер катары жалпы облуска, андан республикага таанылат. Комсомолдук Каракол кантондук комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген. Кээ бир маалыматтарда 1925-жылы турмушка чыгат. Айрым маалыматтарда никеге 1926-жылы 3-сентябрда катталган деп жүрөт. Төрөкул менен Пишпекте комсомол кызматкерлеринин кыска курсунда угуучу болуп жүргөндө таанышат. Төрөкул Айтматовго турмушка чыккандан соң 1926-жылдан Нагима Хамзаева адегенде Жалал-Абадда райондук комсомол комитетинде секретарь, андан кийин кантондук аткаруу комитетинин секретары болуп иштеген. Түштүктө ал өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтөт, кыз-келиндердин паранжасын чечтирүүдө, аларды окууга тартып, сабатсыздыгын жоюуда бир далай эмгек сиңирген, алгачкы артелдерди ачкан. Кийин үй-бүлөсү менен Фрунзеде, Москвада жашайт. Күйөөсү репрессияланып кеткен соң Таластын Киров районунда 1938-1939-жылдары бала бакчада, 1940-жылдан — пенсияга чыккан 1954-жылга чейин Киров райондук финансы бөлүмүндө инспектор, бухгалтер болуп иштеген.

Торокул и Нагима Айтматовы. Архивное фото
© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Торокул и Нагима Айтматовы

5. Төркүндөп келгенде… Нагима Хамзаевна күйөөсү менен Түштүктө иштеп келишкенден кийин 1929-жылы августта Каракол шаарына келет. Анда атасынын байлыгы бүт чачылган, таланган кез. Мына ошондо жөрмөлөп жүргөн Чыңгыз менен Фарид Абдулвалиевди сүрөткө тартып алышат. Ошондо Нагима апайдын сиңдилеринин бири Фирдяюсь ушул балаңарды бизге белекке бергиле деп Чыңгызды атасы Төрөкулдан жана апасы Нагимадан сураган экен.

6. Күйөөсүн күтүү жана балдар. Төрөкул Айтматовдун артынан 1926-жылдардан эле тыңчылар ар түрдүү маалыматтарды топтоп жүргөн экен. Он жылдай эч нерсе таппайт, ошентсе да репрессиянын кандуу илеби жакын келип калганын ал киши билип, Москвадан аялын жана балдарын Нагима апайдын (аны эркелетип Нагый дечү экен) төркүндөрүнө эмес, өз туугандарына — Шекерге жиберет. Алар 1937-жылдын 1-сентябрында түнкү саат 2.00дө Маймак бекетине келип түшөт. Тагдыр эми башка нукка бурулат. Сабаттуу аял тынч жатып албайт, 1938-жылдын орто ченинде күйөөсү менен жолугушуу сурап, Фрунзеге келет, бирок жолуктурушпайт, 1939-жылы 24-октябрда күйөөсүнүн ак экендигин билдирип, анын ишин кайра карап бергиле деп СССРдин Наркому Л.П.Берияга кат жазат. 1939-жылы 20-ноябрда ал катына Саковдон жооп алат, анда күйөөсү Төрөкул Айтматов туура кесилген жана алыскы лагерге кат жазышууга укугу жок жөнөтүлгөн деп айтылат. Апасынын ишин улап уулу, Кыргыз ССРинин Чоң-Арык айылында жашаган Чыңгыз Айтматов да атасы тууралуу чындыкты билүү максатында 1956-жылы 15-июлда, Сталин каза болгондон кийин СССРдин башкы аскердик прокуратурасына кат жазат. Бирок чындыкты эч ким айтпайт…

7. "Саманчынын жолу" атасы менен бирге эле апасына да арналган. Повесттин башында Чыңгыз Айтматов "Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова, сага арнаймын" деп жазат.

8. Бир тууганын издеп Таласка барышкан. Нагима апайдын бир тууганы Гульша да согуш жылдарында Киров районунун Жийде айлында Айтматовдор менен бирге жашаган. Анын күйөөсү Вакас Чанышов 1937-жылы репрессияланып, уулу Афсандияр Чанышов (Жанышов) фронтко алынып, жалгыз калган. Нагима бир тууганынан жана анын балдарынан кабар алуу үчүн 1945-1949-жылдары Пржевальск шаарынан картошкасын көтөрүнүп Таласка Абдулла таякеси да келип турганын Чыңгыз Айтматов эскерет.

Театр жана кино актрисасы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты Даркүл Күйүкова(солдон биринчи). Архив
© Фото / из семейного архива Абдубачаевых
9. Чыңгызды урушканда… Согуш күчөп турган кезде Чыңгыз өзү теңдүү балдар менен кошулуп үйдөн качып кетет. Анан алар Олуя-Атага барат, майданга кетип жаткандарга жалынып, бизди да согушка ала кеткиле деп жаткан жерден артынан баргандар кармап келишет. Мына ушунда эне жүрөгү сыздап, баласын тилдеген экен…

10. Грек аялдын төп келген төлгөсү. Нагима апай согуш жылдарында аябай азап көрүп, бир жагынан балдары жаш, элдин абалы оор, экинчи жагынан күйөөсүнүн өлүү-тирүүсү белгисиз жүргөндө сүргүнгө келген бир грек аял ага төлгө ачат да: "Туура он жыл өтүп, сенин чоң уулуң сени сый менен чоң шаарга алып кетет. Ал бүткүл дүйнөгө белгилүү болот. Башка уулуң да чоң адам болот",- дейт.

11. Кыргыз элдик ишенимдерин өзгөчө сыйлаган. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун мындай жазганы бар: "Биздикине улуу жазуучу (сөз Мухтар Ауэзов тууралуу болуп жатат. – М.А.) келе жатканын билип, апамдын чакчалекейи түштү. Үйдү кылдаттык менен тазалашты, төргө жумшак көрпө салынды. Стол жасалды. Даярдалган даамдар коюлду. Кызыл алмаларды көргөн Санжар (сөз Чыңгыз Айтматовдун тун уулу тууралуу болуп жатат – М.А.), аларды биринин артынан экинчисин көчөгө ташый баштады. Бул үчүн анын кулагы бат эле уйпаланганы байкалып турду. Бир кезде эшик ачылып, Мухтар ага кирип келди. Күлгөн болуп ал Санжарды чоң энесинин жазасынан куткарды. Кеченин ортосунда коноктор таза абадан дем алууну чечишти. Эшик тарапка жөнөп жатып, Мухтар ага менин апам кенже небереси Аскарды алып, анын отурган ордуна жаткызып, оонатканын байкап калды. "Эмне кылып жатасыз? – ал таң калды. – Бул, айланайын, жакшы жорук. Менин эселегим сиздей эле баары сыйлаган адам болуусун каалайм". Мына ушундай кыргыз элинде айтылып келген ишенимдерди дайыма аткарып турган.

12. Бешиктеги баланы бек кылган эне. Ал кезде Киров районунун Жийде айлында мектеп жок, Илгиз Чоң-Капкага Пушкин мектебине барып окуп келчү экен. Үчүнчү же төртүнчү класста ноябрь айында агайы балдарды Октябрь майрамына карата даярдык көрүүгө чакырат. Илгиз жамгырда калып, үйгө жеткиче өтүгүнө суу толот да, мектепке кайра бара албай калат. Ошондо мугалим: "Мен билем, сен кимдин баласы экениңди! Сен атаңа окшоп Октябрга каршысың!" — деп айтат. Бала окубайм деп чыгат. Ошондо Нагима апай мугалимге барып: "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?! Сен азыр ушундай мамиле жасап жатасың, кийин ушул балага күнүң түшүп калбасын",- деп айткан экен. Ырас эле, Илгиз Төрөкулович кийин Академиянын Тоо-кен институтунун директору болуп иштеп жатканда ошол киши баласын ээрчитип алып келип: "Сенин апаң ошол кезде туура айткан экен. Эми сага келдим. Бул балам быйыл мектепти бүттү. Ушуну жогорку окууга өткөрүп бер",- деп алдына келиптир…

13. Үмүттүн баары талкаланды… Жубайы менен уулу НКВДга Төрөкул Айтматовдун дайын-дарегин сурап кат жаза бергендиктен ал мекеме 1957-жылы аларды чакыртат. Чыңгыз катуу ооруп жаткан. Бара албайт. Чакырган жакка Роза Айтматова барат жана ал күндү мындайча эскерет: "Азыркы Коргоо министрлигинин ордунда НКВДнын бир кабат имараты бар экен. Кирсек бир солдат турат, автомат кармап. Апам катты көрсөттү эле "Сиз тигил жакка өтүңүз. Сиз ушул жерде калыңыз" деп мени өткөрбөй калтырып койду. 10-15 мүнөттөн кийин апам өңү бопбоз, көздөрүнүн нуру өчкөн, араң басып чыкты. Ага чейин "Азыр Төрөкулду көрөм. Сибирден же дагы бир жактан алып келген болуш керек" деп ишенип келе жаткан. Колуна берген кагазын мага сунду. "Посмертно реабилитирован" деген кабар экен. "Өлгөн жери белгисиз. Өлгөндүгүнүн себеби белгисиз" деген кагазды алып, эптеп автобуска түшүп Чоң-Арыкка бардык. Апам үйгө кирерде мага "Чыңгыз катуу ооруп калбасын. Сен ыйлабагының, мен да ыйлабайм" деди. Жолдо келе жатып экөөбүз тең ыйлап-ыйлап алганбыз. Үйгө кирип кагазды көрсөттүк. Айылдан Каракыз апамды чакырып, ага апам өзү угузуп, андан кийин куран окутуп, кошуна-колоң келип, жоктоп койдук. Атабыз Төрөкулга болгон акыркы үмүтүбүз ошентип чырт эте үзүлдү…"

14. Баарын-баарын түшүндүргөн эстелик. Нагима Хамзаева астма дартынын азабын көп тарткан. 1971-жылы күйөөсүнүн бейитин таппай, ага барып бир буркурап ыйлап албай, акка моюн сунду. Балдары анын бейит башына эстелигин коюп, атабыздын көрүстөнүн таппай калдык, экөө тең ушул жерде көмүлгөн деп эстей жүрөлү деп бир жерге эки адамдын сүрөтүн коёт да, эстеликке "Ата, сенин көмүлгөн жериңди билбейм" деп жазып коюшат…

15. Нагима Айтматованын аты менен аталат. Каракол шаарындагы 1928-жылы Кеңеш өкмөтү тартып алган үйү жайгашкан көчөгө азыр Нагима Айтматованын ысымы берилген. Жалал-Абадда – бир кезде өзү иштеген шаардагы бир аллеяга да аты берилип, ал жерде жаштар эс алышат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (324)

Тема боюнча

Жүрөккө ок жеп, жашыруун көмүлгөн. Төрөкул Айтматов тууралуу 17 факты
Айтматов салып кеткен чыйыр. "Ысык-Көл форуму" тууралуу 10 факты
Белгилер:
репрессия, Нагима Айтматова, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ