Жол улаш адамды ала кет! Бишкекте аба ырайынан улам флешмоб жарыяланды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада мындай флешмоб биринчи ирет өтүп жаткан жок.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Интернет колдонуучу Адилет Ногойбаев социалдык тармакта "Жол улаш адамды ала кет" акциясын баштады.

Ал жүктөгөн видеодон, аялдамаларга топтолгон адамдар маршрутка күтүп тоңуп тургандарын көрүүгө болот.

"Жол улаш адамды ала кет" деген флешмоб жарыялайм. Эгер унаада жалгыз кетип бара жаткан болсоңуз сураныч, жолдогу адамдарды ала кетиңиз. Эшик абдан суук", — деп жазды Ногойбаев.

Борбор калаада мындай флешмоб биринчи ирет өтүп жаткан жок. Мисалы, Бишкек ТЭЦинде авария болгон кезде кыргызстандык интернет колдонуучулар элди жарыкты үнөмдөөгө чакырган флешмоб өткөрүшкөн. Ал эми маршрутка айдоочулары бийликке талап коюп иш ташташканда дагы унаа айдоочуларын элди ала кетүүгө чакырык жасаган акция башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0