08:45 21 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8310
  • EUR79.8168
  • RUB1.0647
Жубайлар. Архив

Кымбат колуктулардын калыңын бөлүп төлөгөндөр бар. Таластык ишкердин маеги

© Sputnik / Владимир Вяткин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
832 0 0

Ооба, калың бизде кымбат. Бирок адамга мээнет менен келген нерсенин баасы кымбат болот. Калыңга 5 миң доллар жумшаган жигит колуктусунан оңой менен кол үзөбү? Элдик кааданын маанисин биздин маектеш ушинтип түшүндүрүп берди.

Рамис Рыскуловду ийгиликке жеткен ишкер экендиги үчүн гана эмес, ата-эне мээриминен өксүк балдардын көбүн көтөрмөлөгөн киши катары да сыйлашат. Кыргызстандык бул ишкер өмүр бою айыл чарба тармагында иштеп келет. Азыр анын жалаң фермерлер үчүн керектүү буюмдар сатылган бир нече дүкөнү бар. Өзү туулуп-өскөн Таластагы турмуш жөнүндө Рыскуловдун баяны абдан кызык, айтып да түгөтө албайт.

Член торгово-промышленной палаты в Таласе Рамис Рыскулов во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рамис Рыскулов: Бизде азыр колуктуну "бөлүп" төлөө шарты менен да алышат, жигит тарап кайын журтуна калыңдан күзүндө — төө буурчак сатылган убакта кутулуу убадасы менен жазда той берет.

— Жакында эле расмий статистиканы карап таң калдым. Көрсө, Таласта Бишкекке караганда дурус азыктанышат экен. Аталган аймакта миллионерлер төө буурчактын арты менен пайда болгондугун көпчүлүк жакшы билет. Эмнеге дал ушул азык Таластын экономикасын көтөрүп кете алды?

— Сиздерге белгилүү болгондой, кыргыздар дээрлик төө буурчакты жешпейт. Бирок cовет убагында Таласта грек жана күрддөр жашаган. СССР ыдыраганда алар көчүп кетишкен, бирок жергиликтүү тургундар алардын төө буурчак өстүрүү ыкмасын өздөштүрүп алган.

Көрсө, аймактын климаты бул өсүмдүктү өстүрүү үчүн аябай ыңгайлуу экен. Алтургай, чүйлүк фермерлер өз төө буурчагын Таласка сатууга алып келгендеринде сатып алуучулар алакандарына салып айлантып көрүп: "Бул Чүйдүн төө буурчагы тура! Биз буга көп бере албайбыз"?— дешет.

— Калктын байгер турмушунан улам азыр өлкө боюнча калыңы кымбат колуктулар сиздерде.

— Калыңдын көптүгүнүн эмнеси жаман? Көп каражат жумшап жеткениңди баалайсың да. Мына бизде азыр колуктуну "бөлүп" төлөө шарты менен да алышат, жигит тарап кайын журтуна калыңдан күзүндө — төө буурчак сатылган убакта кутулуу убадасы менен жазда той берет. Соңунда эмне болот? Күзгө чейин жаңы күйөө колуктусу "кандайдыр башкача" экендигин түшүнүп, үйүнөн кууп чыгат. Ал эми 5 миң доллар калың берип үйлөнгөн кайсы макулук колуктусуна мындай мамиле кылсын? Ошондо да септин чыгымы калыңга караганда алда канча көп.

Элди чындап жакырданткан адат — бул үлпөт тойлордогу шаан-шөкөт. Ушул ысырапкорчулук фермерлердин мойнуна чоң жүк болууда. Болуп көрбөгөндөй чыгымдуу тойлордун баарына тыюу салууну өкмөттүк деңгээлде чечүү зарыл.

— Билишимче, Таласта жер арыктап, төө буурчактын түшүмү жылдан-жылга төмөндөп барат.

— Ооба, мындай көйгөй бар. Топурактын эс алышы үчүн ар кыл өсүмдүк өстүрүү керек. Бир жылы төө буурчак, келеркисинде картошка, кийин сабиз айдоо зарыл. Бизде болсо он жылдан бери бир жерге төө буурчак эгилет, себеби башка өсүмдүктү сатуу кыйын.

— Талас жергесинде төө буурчак сымал эле кеңири айдалчу башка азык барбы?

— Ооба. Азыр венгерка сортундагы кайналы (кара өрүк) жөнүндө да кеп бар. Былтыр Россиядан кишилер келип, кайналынын бир килограммын 40-45 сомдон аябай көп сатып алып кетишкен. Эмнегедир быйыл алар келген жок, кара өрүк 10 сомго чейин төмөндөдү. Мүмкүн рублдин куну түшүп кетип кыргызстандык товарларды сатып алуу аларга пайдасыз болуп калгандыр.

Төө буурчактын баасында өзгөрүш жок, бир топ убакыттан бери анын килограммы 50 сом боюнча турат. Казак, россиялык жана түрк валютасынын куну ылдыйлап кеткендиктен, биз акчабызды жоготуудабыз, алар үчүн биздин азыктар кымбатка түшүп калды. Анан калса, биздин акча алмаштыруучу жайларыбыз доллардын баасы менен чайкоочулук кылышат, бул дагы фермерлерге терс таасирин тийгизет.

Россиянын президенти Владимир Путин айткандай, улуттук валютада соода-сатык жүргүзүүгө мезгил эбак келип жетти. Мурда россиялык бизнесмендер доллар менен келишим түзчү, азыр рубль жана сом менен соода кылууга өттүк.

Член торгово-промышленной палаты в Таласе Рамис Рыскулов во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ишкер: Топурактын эс алышы үчүн ар кыл өсүмдүк өстүрүү керек. Бир жылы төө буурчак, келеркисинде картошка, кийин сабиз айдоо зарыл. Бизде болсо он жылдан бери бир жерге төө буурчак эгилет, себеби башка өсүмдүктү сатуу кыйын.

— Келиңиз, өзүңүздөн кеп куралы. СССР урагандан көп өтпөй эле сиз айыл чарбасы менен алектене баштаган экенсиз, ушундайбы?

— Ооба, Бишкектеги Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктап, кичи мекениме кайткам. Ошол кез 90-жылдардын башы эле.

СССРдин кулашы менен баары начарлаган: колхоздор тарап, таш-талканы чыккан. Үч коңшу бир тракторду бөлүп алганын өз көзүм менен көргөм, бири дөңгөлөгүн, экинчиси моторун алып кеткен.

Мындай талоондун кесепетин көп өтпөй эле жон терибиз менен сездик, Кыргызстан 90-жылдардагы көрсөткүчтөргө алигүнчө жетише албай келет. Агездегидей түшүмдүүлүк, андагыдай саан бизде азыр жок.

— Өз бизнесиңизди ачууга кандайча белсендиңиз?

— Башта керектөөчүлүк кооперациясында иштечүмүн. Фермерлердин сатыктан калган азыктарын сатып алып, Казакстан, Россияга алып чыкчубуз. Канча көлөмдөгү жашылча-жемиш экендигин элестете да албайсыздар! Аларды вагондорго суткалап жүктөөр элек.

1992-жылы Польшадан бизге колорадо коңузу келди. Ал курт бизге азык үчүн ташылган картошка менен кошо келген, аны отургузууга болбойт эле. Бирок эл болгондон кийин ичинен чыгат экен да, эч кимди укпай эгип алгандар болду.

Колорадо коңузу Кыргызстанда чагылгандай тездик менен тарап кетти. Дыйкандар аны эмне кыларын билбей калышкан, курт үч күндө бүт түшүмдү жок кылып кое алчу.

Мен ошол зыянкеч менен күрөшө турган инсектицидди таап, сата баштадым. Бизнесим отургуч жана кымындай текчеден башталган. Азыр дыйкандар гербицид, инсектицид, үрөн, урук таба ала тургандай бир нече дүкөнүм бар.

— Бул химиялык зат түшүмдүн коопсуздугуна канчалык таасир этет?

— Эгер ал туура колдонулса, анда эч кандай зыян келтирбейт. Кептин баары бизде кесипкөй агрономдордун жоктугунда. Ар бир фермер өз киндигин өзү кесип, бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

Мисалга помидорду алалы. Бышып калган кезинде аны помидор күбөсү (моль — ред.) басат. Фермер аны көрүп, өсүмдүккө инсектицид куят. Бирок жаман жери томат ал ууну сиңирип алат. Анан курамында кооптуу зат бар помидор дасторконуңузга коюлат. Эгер ал дары бир аз эртерээк пайдаланылганда түшүм эч зыянсыз болмок.

Калктын жарымынан көбү айыл чарбасы менен алектенген өлкөбүздө агроном жана мал доктурлар өтө зарыл. Сиздин жок дегенде бир агроном таанышыңыз барбы? Менден башка эч кимди атай албайсыз. Бирок досторуңуздун арасында юрист, экономисттерди дароо эстейсиз. Алар ондоп саналат.

— Балдарга кантип каралаша баштаган элеңиз?

— 20 жыл мурун Бишкекте балдарга англис тилин үйрөткөн окуу борборун ачкам. Аны жубайым иштетчү. Бир тайпада жетим балдар акысыз окушчу. Алардын окууга болгон мамилесине таңгалчумун, эч качан кечигишчү эмес, сабакты да калтырбай келишчү.

Жубайым 1-июнга карата Таластагы майып балдардын калыптандыруу борборуна барууну сунуштап калды. Ал күнү меймандар көп келет эмеспи, бир-эки күн өткөн соң баралы деп мен анча ынанбадым. Бирок жубайым оюнан кайтпай туруп алды. Көрсө, балдар да, алардын ата-энеси да бул күнгө аябай дайынданыптыр. Алар бийлеп машыгып, майрамга карата кой союшкан. Бирок чакырылгандардын дээрлик эч кимиси келбей калат. Бир банктын кызматкерлери гана келип, белектерин тапшырып, коляскалардын жанынан сүрөткө түшүп, жарым сааттан кийин кетип калышат. Ал борбордогу балдардын көздөрүнө тигилсем, жүрөгүм тилинет десеңиз.

Тарбиячы жолдун ар жак бетине сууга чуркаганын көрүп: "Сиздерде 20 бала бар да! Суу жок аларды кантип жуунтасыңар? Кантип тамак бересиңер?" — деп таң калдым мен. Интернаттын кызматкерлери башка арга барбы деп алакан жайышат. Айтор, ошондон кийин ысык да, муздак да суу ага тургандай кылып, суу чыгартып бердим. Ага кошумча даараткана, жуунуучу жай да курдук.

Член торгово-промышленной палаты в Таласе Рамис Рыскулов во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рыскулов: СССРдин кулашы менен баары начарлаган: колхоздор тарап, таш-талканы чыккан. Үч коңшу бир тракторду бөлүп алганын өз көзүм менен көргөм, бири дөңгөлөгүн, экинчиси моторун алып кеткен. Мындай талоондун кесепетин көп өтпөй эле жон терибиз менен сездик.

— Алкоого аларлык аракет!

— Айланабызда жакшы адамдар арбын. Күн жылуу кезде балдарга 100 килограмм дарбыз сатып алдым. Сатуучудан жакшыларын тандап берүүсүн өтүнсөм, ал: "Кайра сатасызбы буларды?" – деп сурайт. Балдар үйүнө алпарарымды айтсам, ал үстүнө өз атынан дагы 100 кило берип жиберди!

— Ал балдар көбүнесе эмнеге муктаж?

— Сүйүүгө жана мээримге. Тарбиячылар ошончо көп балага көз салып жетише албайт, маянасы да арзыбаган тыйын — болгону 5 миң сом. Андай акчага бүт дитин коюп иштей турган киши аз.

Бир жолу мындай окуя болгон, балдар үйүнө коон жеткирдим. Жаңыдан чыгып аткан убак, алтургай, менин балдарым да даамын татый элек кез болчу. Кесип берип кетип калгам. Телефонумду ал жакта унутканымды эстеп, кайра кайттым. Кирип барып нес болуп калдым, коондун баарын бирөө көтөрүп кетиптир. Тарбиячыга кирсем, колунда бир чоң кесим. Кыжырым менен ага: "Сен ушундай белең! Балдар эмне жейт?" – деп карманалбай бир тийгеним эсимде.

Негизи эле биздеги балдар үйлөр тутуму — каражатты куру сарптоо. Президент туура айтты, аны өзгөртүп, үй-бүлөлүк типтеги мекемелерди түзүү керек. Атүгүл, балдарды асырап алууну каалагандарга берген оң. Азыр багып алууну каалаган ата-эне үчүн бул чоң көйгөй эмеспи. Ушу тапта биз беш жашар эркек баланы карамагыбызга алдык. Аны мурда асырап алышкан экен, бирок оорудан улам багып алган ата-эне милдетин аткара албай калыптыр. Биз баланы аябай жакшы көрүп калдык, ушул тапта документтерин тууралап жатабыз. Бизге береби же бербейби, аны сот чечет, бул азыр бизди түйшөлтүп турган маселе. Сегиз баланы багып алган аялды тааныйм, сот аркылуу андан төртөөнү алып коюшту. Аткаминерлер асыроочу ата-энелерди дайым эле түшүнө беришпейт.

— Кыргызстандагы бардык балдар үйүнө сунуштай турган демилгеңиз бар эмеспи, ээ?

— Ооба, балдар сабиз, помидор же гүл өстүрө алышы үчүн өсүмдүк уруктарын, гербицид, жер семирткичтерди бере алам. Балдар үйүнүн бири менен ушундай багытта иш алпарабыз. Балдар үйлөрүнө, андан тышкары, өз убагында канализацияны жана имаратты зыянсыздандырып тура алгыдай хлор менен каустикалык сода да берейин дегем.

Мени санаага салган бир көйгөй — балдар үйлөрүнөн чыккан өспүрүмдөрдүн 9-класстан кийин өз алдынча кеткени. Жолунан адашат, эркек балдар түрмөгө, кыздар жаман жакка басышат. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн үй кургум келет. Бул тилегимди ишке ашырууга күч-кубатым жетээр…

Тема боюнча

Рыскулов: кара өрүк сатып алчулар Кыргызстанда ящик жок деп келбей коюшту
Окуучу кезимде акчаны белиме байлап, шаардан товар ташычумун. Ишкер аял менен маек
Белгилер:
калың, балдар үйү, ишкердик, төө буурчак, Талас облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ