30 жашар Инабат Латипованы калаадагы иш-чаралардын көпчүлүгүнөн кезиктирүүгө болот. Ал "Навигатор групп" деп аталган ресторан, отель жана спорт борборлор түйүнүндө PR-директорлукту аркалайт.
Болгону качандыр бир кезде эки баланын энеси зериккенинен Twitter тармагында баракча ачкан. Инабат бачым эле белгилүү блогерге айланып, кийинчерээк бул эрмеги ага баш тарта алгыс сунушту ээрчите келди.
— Бала чагыңыз тууралуу билсек…
— Карапайым үй-бүлөдө төрөлдүм, ата-энем мээнеткеч адамдар. Атам айдоочулук менен алектенип, өмүрү бүт рулда өтүп келет. Апам 90-жылдары соода тармагынан кафе ишине өтүп кетти. Айтмакчы, Балыкчынын деңгээлинде ал ири ресторатор. Үч эже-сиңдибиз, мен ортончусумун.
9-классты аяктаган соң Бишкекке келип, Финансы техникумуна өтүп, банк ишин өздөштүрүүгө кириштим. Бул окуу жайдан негедир бизди кийин талашка түшчү адис болосуңар деп ишендире окутушкан. Бирок банкка ишке орношоюн деп барсам албай коюшту. Алардын баамында менде жаштык максимализм ташкындап турат имиш.
Баса, ошол банктын жетекчилеринин арасында биздин тууганыбыз деле бар болчу, бирок ал жакка ишке кирүү аракетимден кабары жок эле. Ошентип Балыкчыга кайтып бардым.
— Үй-бүлөлүк кафеде иштей баштадыңызбы?
— Ооба. Официант да, кассир да, атургай, бармен да элем. Зарыл учурда ашкананы көздөй чуркап бир нерсени кууруп же туурай калчумун. Апамдыкында дегеле эркелей албайсың.
Ошол жерден болочок жолдошум менен тааныштым, ал биздин кафеге көп баш бакчу, көбүнесе майонез менен мантуу алчу. Аскердик кийим менен келгенине чейин ага маани деле бербепмин. Формасынын жарашканын айтпаңыз эми!
Ага акылымдан адашып дароо ашык болуп калдым. 19 жашымда турмушка чыктым, бир жылдан кийин кыздуу болдук, чүрпөмө болгон сезимдер мени таптакыр эле үйгө чырмады. Анан уулубуз төрөлдү, быйыл мектеп босогосун аттады.
— Кайсы жерде жашадыңыздар?
— Жолдошум аскер кызматкери болгондуктан, анын ишине жараша көп үй алмаштырдык. Бирде Балыкчыда, кээде Бишкекте турдук.
— Билимиңизди жогорулата алдыңызбы?
— Ооба, 2010-жылы тапшырып, сырттан окудум. Эгер чындап келсе, дипломдун мен үчүн мааниси жок эле. Карып-арып, бул дүйнөдөн узаганча үйдө отурчудай сезилчү мага. Апам жогорку билим алышым керектигин айтып туруп алды.
— Бишкектен Балыкчыга, Балыкчыдан борбор шаарга көчүп-конуп жашапсыздар. Баш калаадан кийин кичинекей шаарга кайтуу кыйын болчу эмес беле?
— Балдарым да сагынып калышар эле. Албетте, Балыкчыны абдан жакшы көрөм, аймактардагы шаарлардай эле ал да табият койнунда. Бирок кээде өзүңдү өстүрүү жаатында шарттар аз, балдарды алпарчу да жай таппай калчусуң.
— Жаштар эмне менен алектенишет ал шаарда?
— Көңүл ачуучу жайлар көп эмес, айрымдар эс алуу күчүн ичимдиктен чыгарышат. Албетте, цивилизация ар бир телефонго интернет кошуп берген чак эмеспи, андыктан, азыр өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралды.
— Сиз да андан пайдалана Twitter баракчаңызды Кыргызстандын алкагында кеңири тааныта алдыңыз.
— Үйдө отурчумун, эл менен сүйлөшкүм келчү. Адегенде телевизор жан досум болуп жүрдү, кийин Кудай жалгап акылдуу телефондор интернети менен кошо чыга баштады. "Чу" дегенде эле теледен көрүп жүргөн жылдыздардын баракчаларына жазылдым.
Анан да китепти баса калып окуган адатым бар, негизи эле өзүм ар бир тамгага теригем, андан улам оюмду так жеткире жаза алам. Бул жагынан мага Twitter ылайык келди, анткени, анда сөз башкы орунда эмеспи. Айтмакчы, социалдык медианын бул бутагындагы "Твидеги апа" баракчам кыялымдагы ишке жетеледи.
— Бул кандайча болду?
— Убакытты текке кетирген жокмун. Мага келин-кесектин форумдары кызыксыз эле, ысымын жашырган күйөрмандар менен да курулай азилдешким келчү эмес.
Үлкөн ресторандардын биринин социалдык медиадагы маркетинг боюнча адиси жоктугун билип калдым. Негизи эле андай кызматкерден эмне талап кылынат? Конокторду тартып, кызыктуу постторду жарыялап, элди кызыктырып туруусу зарыл. Twitter тармагында мындай милдетти оңой аткарчумун.
Башында бир жайдын милдетин алдым, кийин дагы кошулду… Айына 20 миң сомдон өйдө таба баштадым. Балыкчы үчүн бул абдан жакшы маяна. Кийин холдингдин түптөөчүлөрү штатка кирүүнү сунуштап, мага ишеним артышты.
— Дароо макул болдуңузбу?
— Чечим кабыл алуу кыйын болду. Балдар чоңоюп баратат, биз алар менен ажырагыс элек, алардан алыс кала албайт болчумун. Балдарды таенесине таштап коюп, иш сапарга кете берчү энелерден эмесмин. Бирок ошол эле учурда андай абройлуу компанияда иштөө абдан сонун мүмкүнчүлүк экенин түшүнүп турдум. Үй-бүлөлүк кеңеш өткөрүп, андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону чечтик!
Иштегениме эки жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында иш тажрыйбасы жок, үйдө бала менен отурган кожойке өзү аябай жактырган орунда топ-менеджер болуп чыга келди.
— Ишти өздөштүрүп кетүү жеңил болдубу?
— Ишке тез эле көнүп кеттим, ишкананы түптөөчүлөрдүн ишеничин актай аламбы деп аябай чочулагам. Бул багыттагы адабиятты көп барактадым, Кудай жалгап, азыр баарын билген интернет бар эмеспи.
— Эмне милдет аткарасыз?
— Кыргызстанда пиарщик болуу — байланыш түзүү, жарнама, маркетинг, иш-чараларды уюштуруу менен алек болуу. Айрым учурда афиша жасоо, андайда графикалык дизайнер да боло калам. Бактыга жараша, азыр аны кантип жасоо боюнча гугл издөө тутуму миллиондогон макала жана тасмаларды сунуштайт.
— Сиздердин холдингге канча жай камтылган?
— 6 ресторан, 2 мейманкана, ушундай эле санда спорт борбору жана "Асанбай" маданий ордосу кирет.
— Азыр интернет ар бир кишиге көңүлүнө жакпай калган ресторан же кафени жамандоого шарт түзгөн. Ага кантип туруштук берип жатасыз?
Эгер катачылык бизден кеткен болсо, анда нааразы болгон кардарга телефон чалып, кечирим сурайм. Эгер бизде айып болбосо, анда ага бардык маалыматты берем. Башкы маселе — кардардын каалоосу, сөзү, нааразычылыгы биз үчүн өтө маанилүү экендигин ага жеткирүү, түшүндүрүү.
— Бир жолу сиздердин ресторандардын бириндеги эсепке нааразы болгон кардардын постун окугам. Жарым литр суунун наркы жүз сомго чыкканына наалыган.
— Дүкөн менен ресторандагы суунун баасын салыштырууга болбойт! Кайсы бир жайлуу жайга киргениңизде сиз суунун өзүн эмес, жагымдуу маанайды сатып алат эмессизби.
Сиз үчүн ырдап жаткан ырчы, ар чакырганыңызда чуркап турган официант — булардын баарынын маңдай тери меню акысына камтылат. Ресторандардын чыгымы аябагандай көп!
Бизге баш баккандардын баарына жагымдуу болушу үчүн тырышып келебиз. Калаабызда 2000ге чукул кафе-ресторан иштейт, ар бирибиз табитибизге төп жерди тандай алабыз.
— Азыр көп жайларда дресс-код (кийимге талап) жана жүзгө карап киргизет. Астанадан ары аттабай калыш үчүн эмне кылуу зарыл?
Кызаңдагандардын курмандыгы адатта кыздар жана чет элдиктер болот. Биздин канатыбыздагы жайлардын биринин кыздардын сергүүчү бөлмөсүнө: "Эгер меймандардан бирөө сизге ыңгайсыздык жаратып жатса, администраторго бул боюнча билдириңиз" деген жарыяны жеке өзүм илгем.
— Журналисттерге кээде ажырашууга үгүттөйсүңөр деген кине тагып калышат. Ийгиликке жетишкен, ажырашкан аялдарды атайын таап, алар туурасында жазат имишпиз. Чындыгында, күчтүү аялдардын жанында болууга күйөөлөрү чыдай албай, алардан жолун бурат. 11 жылдан бери никеңиздин бекемдигин кантип сактап келесиз?
— Жолдошум экөөбүз азыркыга чейин жаш балача ойнойбуз. Махабатыбыз жана юмор мамилебизди бекемдеп турат. Азыр алар менин ишиме түшүнүү менен карап, өмүрлүк жарым да, балдарым да үй иштеринде мага көмөкчү болушат.
Эгер тамак жасоого үлгүрбөй баратсам, өзүбүздү заматта ресторандык сынчы элестетип, кайсы бир жайдан тамактанууга жөнөйбүз. Бардык маселени бирге чечебиз. Тфү-тфү, көз тийбесин!