Баткенде жакырчылыкты жоюу үчүн долбоор иштелип чыкты. Аткарыла турган иштер

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында жергиликтүү элге тоюттун сапатын жакшыртуу, жайыттарды туура колдонуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн туура өстүрүү окутулуп, ишке ашырылат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Баткенде жакырчылыкты жоюу жана жарандык коом менен айыл чарбасын өнүктүрүү аракеттери көрүлүүдө. Бул багытта атайын долбоор ишке ашып жатканын уюштуруучулар билдирди.

Член торгово-промышленной палаты в Таласе Рамис Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Рыскулов: кара өрүк сатып алчулар Кыргызстанда ящик жок деп келбей коюшту
Европа биримдиги тарабынан каржылана турган "Жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө жарандык коомдук уюмдардын жана жаштардын катышуусун күчөтүү" аттуу долбоор 2021-жылга чейин Баткен районунун Карабак жана Лейлек районунун Бешкент айыл аймактарында ишке ашырылат.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун айтымында, долбоорго аталган аймак эң туура тандалган.

"Анын алкагында багбанчылыкты жакшыртуу, жүзүм өстүрүү, балык чарбасын өркүндөтүү, жаңы логистикалык борборлорду куруу, сугат менен таза суу маселесин жөнгө салуу жана башка көптөгөн иштерди жасаса болот", — деди ал.

Баткен жана Лейлек райондорунда тоюттун сапаты менен жайыттар жакшыртылып, өрүктү органикалык жол менен өстүрүү, малды табигый жана жасалма уруктандыруу иштери аткарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0