Бишкектик проктолог геморройдун үч себебин атады. Маек

© AP Photo / Felipe DanaПротест против загрязнения воды в Рио-де-Жанейро
Протест против загрязнения воды в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Елена Решетина телевизордогу кеңештерди акыл калчабай аткара берүү жакшылыкка алып келбесин так билет. Россиялык алдыңкы медициналык телеберүүнүн күйөрмандары бул дарыгерге кирүүгө узун кезек күткөн учуру көп болгон.

Медициналык илимдердин кандидаты Елена Решетинага алгач "Кыргызстанда жападан жалгыз аял проктологсузбу?" деген суроо узаттым. "Жок, албетте, биз көппүз!" деп так секирди врач. Изилдеп көрүп, өлкө боюнча жоон ичеги ооруларын дарылаган үч гана айым врач бар экендигин билдик. Көрсө, айымдар медицинанын проктология багытына өтө чанда барышат экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДарыгер Елена Решетина: 30 жаштан өткөн дээрлик ар бир экинчи кыргызда бул оорунун кандайдыр бир белгилери бар. Дааратканада телефонун чукулап отурууну адатка айланткандардын геморрою өрчүйт.
Кандидат медицинских наук, проктолог Елена Решетина - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Елена Решетина: 30 жаштан өткөн дээрлик ар бир экинчи кыргызда бул оорунун кандайдыр бир белгилери бар. Дааратканада телефонун чукулап отурууну адатка айланткандардын геморрою өрчүйт.

— Эмнеге дал ушул кесипти тандап алдыңыз эле?

— Медициналык окуу жайда жүргөнүмдө эле курбума эч качан проктолог болбойм дегем. "Ал эми мен эч качан гинекологияга аяк баспайм" деп ал да мени кубаттаган. Анан эмне болду дебейсиздерби? Көп жылдан соң мен акыры проктолог болуп калдым, ал гинекология багытына өттү.

Негизи мен алгач онколог болууга кам ургам, дүйнөнү сактагым келчү. Кийин үй-бүлө менен онкологдун кесиби айкалышпай турганын аңдадым, андай врач күн-түн дебей ишке чыгууга дайын турушу зарыл экен. Ал эми мен бала көргүм келген, ошондо да араң 29 жашымда төрөдүм. Үйрөнгөн багытыма жакын кесипти издөөгө аргасыз болдум. Ординатураны ичеги шишиги бөлүмүндө өткөндүктөн, бул тармакка жакынын тандоону чечип, проктолог болуп калдым.

— Сиздерге кайрылган бейтаптардын негизги үч дартын атасаңыз?

Ресторанда эт жеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тукумсуз болуп каласың! Кыргызстандыктар оңой жуктуруп алчу 5 дарт
— Биринчи орунда — геморрой. 30 жаштан өткөн дээрлик ар бир экинчи кыргызда бул оорунун кандайдыр бир белгилери бар. Дааратканада телефонун чукулап отурууну адатка айланткандардын геморрою өрчүйт. Кичине жамбаш чарасына кан катуу келет да ага толуп калат, көйгөйдүн баары ушундан. Даараткананы жеке бөлмөгө айлантпаңыздар!

Башка бир коркунуч — керээли кечке отуруп иштөө. Ар бир саат аралыгында беш мүнөт сейилдеп, иштен кийин фитнес менен машыгып же сууда сүзүп туруу дурус. Андан да кооптуусу — кишинин таңдан тарта туруп иштөөсү. Мындай учурда дарттын алдын алуунун бир гана чарасы — бийик така кийүүдөн баш тартыңыз, бут кийим ыңгайлуу болушу шарт.

Геморрой спирт ичимдигин көп ичкендерди да тооруйт. Алкоголь кан тамырларды кеңейтип жиберет, бул ыйынган сайын канай беришине алып келет. Айрыкча, спирт ичимдигин татып алып, саунага барганыңызда кооптуулук жаралат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЕлена Решетина: бизге кайрылган улгайган аялдардын аягы узүлбөй калган бир убак эсимде, баары ичтери катып ооруганына даттанышкан. Ар биринин арткы тешигинен картошканын кесиндилерин алып чыктык. Көрсө, чоң энелер Геннадий Малахов катышкан телеберүүнү көрүп, анда кимдир-бирөө картошка геморройго даба деп кеңеш берген экен.
Кандидат медицинских наук, проктолог Елена Решетина - Sputnik Кыргызстан
Елена Решетина: бизге кайрылган улгайган аялдардын аягы узүлбөй калган бир убак эсимде, баары ичтери катып ооруганына даттанышкан. Ар биринин арткы тешигинен картошканын кесиндилерин алып чыктык. Көрсө, чоң энелер Геннадий Малахов катышкан телеберүүнү көрүп, анда кимдир-бирөө картошка геморройго даба деп кеңеш берген экен.

— Интернетте геморройду жеңүү боюнча көп-кеңештерди табууга болот. Өз алдынча дарылануу ыкмаларына сиз кандай карайсыз?

— Эгер канап кыйнабаса, дарыкана каражаттары менен дарыланууга болот. Эгер эки апта бою эч кандай жыйынтык чыкпаса, бекер убара тартпастан, врачка багынып бериңиз.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балага зар болдум... Эркектерди тукумсуздукка жеткирген 7 оору
Камарабай өтүштүрүп алуу коркунучтуу, геморрой эмес, ракка айланып кетиши ыктымал. Бирок биздин эл заңдын ордуна кан кете баштаганча чыдап жүрө берет эмеспи. Же ичти жумшартуучу дары-дармектердин пайдасы тийбей калганча кайрылбайт. Ошондо гана организм бүлгүнгө учураганын, бирок убакытты кечеңдетип алганын түшүнөт…

Элдик ыкмалардан өтө этият болуу абзел. Бизге кайрылган улгайган аялдардын аягы узүлбөй калган бир убак эсимде, баары ичтери катып ооруганына даттанышкан. Ар биринин арткы тешигинен картошканын кесиндилерин алып чыктык. Көрсө, чоң энелер Геннадий Малахов катышкан телеберүүнү көрүп, анда кимдир-бирөө картошка геморройго даба деп кеңеш берген экен.

— Проктологиялык оорулардын экинчи сабында кайсы дарт турат?

— Парапроктит — кичине жамбаш чарасынын май клетчаткаларынын сезгениши. Ал сыздатып оорутат, эч кандай оору басаңдатуучу дары да жардам бербейт. Адам отура да, тура да албай калат…

Үчүнчү орунда — арткы тешиктин былжырынын кесилип кетиши (жаракасы). Көбүнесе жаңы көз жарган аялдарда көп кездешет. Дааратканага барган сайын чыдатпай оорутканы — дал ушул дарттын белгиси. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЕлена Решетина: бейтап өз доктуру менен ачык болуусу абдан маанилүү
Кандидат медицинских наук, проктолог Елена Решетина - Sputnik Кыргызстан
Елена Решетина: бейтап өз доктуру менен ачык болуусу абдан маанилүү

— Бейтаптардын баары тартынабы?

Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп
— Бейтап өз доктуру менен ачык болуусу абдан маанилүү. Папиллома аныкталган бир кызды эч унутпайм. Алар адатта жыныстык катнаштан кийин вирус жабыркаткан жерде пайда болот, ал эми анын папилломасы арткы тешигине жакын чыгып кетиптир. Ал "Билбейм, бул эмнеден чыкканын! Мен дегеле жыныстык катнашка барбайм" деп коюп бейтап кетип калган. Кайра кечинде телефон чалып: "Кечириңиз, ачык айта албадым. Катнаш болгон чындыгында, анын ичинде оралдык түрү да…" деп мойнуна алды. Ал ачык айткандан кийин гана мен эле эмес, ага отоларинголог да жардам берди, кызды ошентип айыктырдык. Врачтан эч нерсени жашырбоо шарт.

— Интимдик мамиленин мындай түрү саламаттыкка канчалык кооптуу?

— Эгер аял туурасында айтсак, ичеги таякчасы бала төрөө органдарына түшүп калуу коркунучу бар. Аны антибиотик менен жоюу мүмкүн эмес, бул жыныс тутумунун өнөкөт сезгенишине алып келиши ыктымал. Презерватив колдонуу менен гана мындайда көйгөйдүн алдын алууга болот.

Ошондой эле катнаштын ушундай түрү көтөн чучуктун рагын пайда кылышы ыктымал, мындай ачылыш үчүн окумуштууларга Нобель сыйлыгын беришкен. Себеби, эркектин бел суюктугу аялдын арткы тешигинде чирийт, башкача айтканда, канцерогендик заттарды бөлүп чыгаруу менен сиңип кетет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЕлена Решетина: проктологиялык ооруларга аялдар да, эркектер да бирдей эле кабылат. Бирок аялдар өз саламаттыгына кам көрө билишет, жүз айымдын бирине гана операция талап кылынат
Кандидат медицинских наук, проктолог Елена Решетина - Sputnik Кыргызстан
Елена Решетина: проктологиялык ооруларга аялдар да, эркектер да бирдей эле кабылат. Бирок аялдар өз саламаттыгына кам көрө билишет, жүз айымдын бирине гана операция талап кылынат

— Бейтаптардын басымдуу бөлүгүн кимдер түзөт? Эркектерби же аялдарбы?

— Проктологиялык ооруларга аялдар да, эркектер да бирдей эле кабылат. Бирок аялдар өз саламаттыгына кам көрө билишет, жүз айымдын бирине гана операция талап кылынат. Ал эми мырзалар арасында бул көрсөткүч 20-30 пайызды түзүшү мүмкүн. Айтмакчы, мындай дарттар жыл өткөн сайын "жашарып" баратат. Эмнеге мындай? Жаштар клетчатка аз камтылган жогорку каллориялуу тамакты гана жешет. Ооба, айтайын дегеним, тез татым менен азыктануу изин калтырбай койбойт! Мындан тышкары, улуу муун көбүрөөк кыймылдачу, ал эми азыр жаштар телефон менен гана отуруп калышпадыбы.

— Алдын алуу ниетинде проктологго кайрылууга болобу?

— Эгер эч нерсе кыйнабаса, убара тартуунун кереги жок. Бирок чындыгында 40 жаштан жогоркулар колоноскопиядан өтүп, жоон ичегини текшертип коюулары зарыл. Аны ар бир беш жылда кайталаган оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0