Тукумсуз болуп каласың! Кыргызстандыктар оңой жуктуруп алчу 5 дарт

© AFP / EITAN ABRAMOVICH Ресторанда эт жеп жаткан аял. Архив
Ресторанда эт жеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин медициналык колумнист Улугбек Жоомартов жаңы жыйынтыкталган статистиканы изилдеп көрүп, мекендештерди айрым жугуштуу оорулар туурасында кабардар кылууга милдеткермин деп чечкен!

Балким, ВИЧ же кургак учук жөнүндө билбеген адамды табыш кыйындыр. Бирок биздин жарандардын кулагы чалбаган, кооптулугу алардан кем калышпаган дарттар да бар.

1. А, В жана С гепатити

Саратан башталганы биздин ооруканаларга А гепатитине чалдыккандар түшө баштайт, болгону кыргызстандыктар жайында талаадан бадыраң үзүп же жуулбаган дарбызды анча таза эмес кол менен ооз тийгенди жакшы көрөт. Сиздер байкагандай, бул вирус тамак-аштан жугат. Мурда бул ооруну адам жеңил жеңе алчу: адам саргара түшүп, бир жумача ооруканада жатып, сакайып кетээр эле. Азыр бул вирус күчтөндү, бейтаптын көңүлү айныйт, алы кетет, башы айланат.

Руководитель Национального центра охраны материнства и детства Камчыбек Узакбаев(в центре), уролог Сапар Макеев(справа) и хирург Мирбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер: Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштыргандардын кээси балалуу болду
Гепатиттин бардык түрүн аныктоо оңой, окшош бир белгиси — теринин, көздүн саргарышы. А гепатитин жутуп алууга болсо, В же С организмге кан аркылуу же жыныстык жол менен жугат. Мындай кооптуулук сизди тиш доктурдун кабинетинде же татынакай бейтааныш кыздын батиринде күтүшү мүмкүн. Оорулардын бул түрлөрү абдан кооптуу жана дээрлик айыкпайт.

В гепатитинен жабыркаган адам 10-15 жылдан кийин боордун циррозу же рагына кабылышы ыктымал. С гепатити буга алпарары шексиз.

Кыргызстандыктардын бактысына жараша биздин дарыгерлер америкалык дары өндүрүүчүүлөр менен макулдашууга жетишкен. Дарынын бир таңгагынын баасы 400 доллардын тегерегинде, башкача айтканда, биз аны дээрлик өз наркында сатып ала алабыз. Эгер дарыны ичсе, боордун жабыркоо көрсөткүчү азаят.

2. Көк жөтөл

Бул жугуштуу дартты врачтар дароо аныктай албайт. Көк жөтөлгө чалдыккан бала бөлөкчө, короздун кыйкырыгындай жөтөлө баштайт. Андай бейтаптарга күчтүү антибиотиктер берилет. Тилекке каршы, алар дайым натыйжалуу боло бербейт, бирок организмге да таасир этпей койбос. Бактериялар формасын өзгөрткөндүктөн, улам күчтүү дары-дармектерди өндүрүүгө туура келет. Мурда андай ампула менен бир ротанын аскерлерин дарылоого болсо, балага андан эки же үч эсе өлчөмдө берилет! Кенедей ымыркайдын иммунитети кандай талкаланарын элестетиңиз!

Бир аз мурда эле биздин врачтар андай бейтаптарды эч кезиктирбеген болсо, азыр ооруканаларда "Карантин! Көк жөтөл" деген жазууларды көп көрүп жүрөбүз. Мунун баарына ата-энелердин балдарга эмдөө жасатуудан баш тартышы себеп.

3. Кызылча

Бейтапты текшерип жаткан медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бейтап катуу айтса да, сөгүнсө да көтөрөбүз. Мээрман айым Эсенбаева менен маек
Бейтаптын жүзүндө ортосунда ыйлаакчалары бар кызыл бүдүрлөр чыгат да, бүт денеге тарайт. Тилекке каршы, бейтап андай белгилери пайда боло электе эле жугуштуу болуп, айланасындагы бул дартка каршы эмделбеген адамдарга да жуктурууга үлгүрөт.

Кээде вирус ушундай күчтүү, заманбап медицина ага каршы алсыз болуп калат. Угандада, АКШда да балдар кызылчадан чарчап калышат. Кантип коргонуу зарыл? Эмдөө жасаткыла! Өзү кетип калат деп үмүттөнбөгүлө, себеби, жыл өткөн сайын иммунитети алсыз адамдардын саны артып барат.

4. Бруцеллез

Айыл-кыштактарыбыздын баш оорусу! Микробдор адамга үй жандыктарынан — эчки, кой, уйдан жугат. Мал баккандар да, эт бөлүп, тери иштеткендер да жабыркайт. Ошондой эле чийки сүт ичип же жакшы куурулбаган эт жегенде да жугушу мүмкүн.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жатын моюнчасындагы эрозиянын жеткен чеги — рак. Гинеколог илдет тууралуу
Микробдор лимфа бездеринде жашынып, андан бүт организмге урат. Дарт жугузган киши бир-эки жумадан кийин эле бруцеллездун болгон белгилеринен азап чегет. Тарамыштар, нерв тутуму, жыныстык органдар жабыркайт. Бейтапты эң кыйнаганы дене табы 37,5 градуска көтөрүлүшү. Анын жүүнү бошоп, көңүлү суз, туталанат.

Козгогучтарды жок кылууга болот, бирок, дарттын кесепети майыптыкка алып келиши мүмкүн. Маселен, дарт чалган маалда басканда бут ооруса, кийин айыккыс өнөкөт артритке өтүшүп кетет. Адамдар тукумсуз да болуп калат, маселен, аялдын тукум улоо органдары биригип калышы да ыктымал.

Эмне кылуу керек? Жабыркаган малды убагында аныктап, жок кылуу зарыл. Совет маалында: "Кечиргиле, бул жандык союшка кетет" деп аныктап коюшчу. Малды андан кийин айылда эч ким көрчү эмес. Чабандар, жандыктар да жалпылап эмделишчү.

5. Эхинококкоз

Бул жалпак паразиттер көбүнесе үй жаныбарларынан жугат. Алардын жумурткалары ит менен мышыктардын жүнүндө болот. Адамдын ичегилерине кирип, кандын айланышы менен бүт организм боюнча айланышат.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
Көбүнчө жумуртка боорго бекип алат. Ал жерде шишик пайда болот да жаңы паразиттер өсүп чыгат. Ал ыйлаакчаны хирург гана алып чыга алат. Операция маалында анын жарылып кетпеши өтө маанилүү, себеби паразиттер кайра жаңы үй таап алышы ыктымал.

Чакырылбаган коноктор сизди өлтүрбөйт, анткени, алар өз багуучусунан айрылып калгысы жок. Бирок кожоюнун жеңил эле арыктатып, жүдөтүп коет. Организмиңизде "дагы бир өмүр" жаралганын кантип аныктоого болот? Кошумча бир белгиси — бейтап түнкүсүн тиштерин кычырата баштайт. Ошондой эле тери да соолуп, кубарат, арткы тешик кычыша баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0