"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында мына-мына үйлөнөм деп турганда болочок келинчеги турмуш куруудан баш тартып койгон баланын тагдыры баяндалат.
Саламатсыздарбы. Бир жумадан бери өзүмө келе албай башым эңги-деңги болуп жүргөн кез.
Эми мен ишенип түбөлүк жар кылам деген кыздын кылганы бул. Ооба, үй-бүлө куруу чоң жоопкерчилик бирок аны мага макулдугун бергиче же тойду белгилей электе айтса болбойт беле? Жиним менен ала качып кетсемби деген да ойлор келди. Бирок ата-энем "көңүлү жок болсо, кыйнап алып келбе" деди. Аны ушунчалык жакшы көрүп, айткан сөзүн эки кылбай аткарчумун. Бирок бул ирет ал менин досторумдун, ата-энемдин, туугандарымдын алдында катуу сындырды. Көңүлүм калып калды. Үйдүн жалгыз баласымын, ата-энемдин жашы да бир топко келип калгандыктан эки-үч жылдан бери "үйлөн-үйлөн" деп атып тилдери тешилген. "Аял алам" дегенде кубанычтары койнуна батпай үй-жайын оңдоп, апам болгон дүйнөсүн "келиниме өткөрүп берем" деп кубанып жүргөн. Тойго деп насыя да алып алганбыз.
Ызаландым, жолугушууга чакырып "эмнеге так тойдун алдында баш тартып жатасың, кичине эртерээк айтсаң болбойт беле, сага эмне болду?" деп сурасам, башын жерге салып "мен сени жакшы көрөм, бирок азыр үй-бүлө курбай кое туралычы" деп жооп кайтарып тим болду. Андан башка эч нерсе деген жок. Намыстанып "экөөбүз мындан кийин кыз-жигит да болбойбуз" деп басып кеттим. Ошол бойдон чалышкан да, жазышкан да жокпуз. Ата-энеси эмне деп айтканын, өзү кандай абалда экенин билбейм. Ичимен күйүп-бышып аны менен чогуу болгум келсе да, намысым жол берген жок. Апам ак жоолугун кармаган бойдон отуруп калды. Жиним менен атайын эле башка кызга үйлөнүп алсамбы дедим, апам ушунчалык кайраттуу, сабырдуу киши "балам шашпай, ойлонуп чечим кыл, кийин өкүнүп калбагыдай бол" деп токтотуп койду.
"Психоанализ. кж" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:
Үй-бүлө куруу — чоң жоопкерчилик. Илгери балдар үйлөнөөрдө ата-энеси баарын эрте эле тактап, жакшы кыздарды көздөп аларга сөйкө салып, кудалашып койчу. Кызды тандаар алдында анын тукумун, уруусун, тек-жайынан бери сураштырышкан. Бекеринен илгеркилер "катын албай кайын ал" деп айткан эмес. Бул жерде кайын-журтунун байлыгы, мансабы эмес, ата-энеси кандай кишилер, тарбия көргөн жердин кызыбы деген нерсе негизги орунда болгон. Азыр жаштар көбүнчө интернеттен таанышат, бири-бирин жакшы билбей туруп үйлөнүп алат да кийин анын жыйынтыгы аянычтуу бүтөт. Мурда үй-бүлө кураарда башкача баалуулуктар эске алынчу, азыркылардын көбү сезимге таянып баш кошууда. Башкача айтканда кыздын тек-жайын сураштырбай эле сүйдүм-күйдүм деп алып алышат. Мындай чечим психологияда туруктуу эмес деп каралган.
Бул жерде кыз үй-бүлө куруу жоопкерчилигинен коркуп баш тартып коюшу мүмкүн. Себеби азыр ажырашкандар көп, бала тарбиялоо оңой эмес экенин байкап да коркуп коюшу мүмкүн.
Эгер баары бүттү деп чекит койгон болсо анда артка кылчайбай эч нерсеге өкүнбөсүн. Жаш эле экен убакыт өткөн сайын ага акыл кирип, тандоосу, мүмкүнчүлүгү көп экенин байкай баштайт. Ошол учурда да мүмкүнчүлүктү колдон учуруп жибербей туура чечим чыгаруусу кажет.
Эркек сезимге, намыска алдырган эмес. Ата-энеси баласын бактылуу болушун гана каалайт. Алар менен кеңешип жети өлчөп бир кессин. Анткени өмүрлүк жары менен түбөлүк жашайт. Шашып же намыстанып бирөөнү алып анын да, өзүнүн да бактысына балта чаппагыдай чечим чыгарсын деген кеңеш берем.