Тойдо миң долларга чейин гонорар алган кыргыз ырчылары кимдер? Тизме

Жазылуу
Көпчүлүк ырчыларды башка аймактарга чакырсаңыз жол акы жана жатакана чыгымдарынан сырткары борбор калаадагыдан эки-үч эсе көп гонорар төлөп берет экенсиз.

Жакында эле "Өзбекконцерт" мамлекеттик ишканасы өлкө аймагында өткөн тойлордо ырчылар ала турган гонорарынын өлчөмүн бекитти. Анда жазылгандай өнөрпоздордун тойдогу кызмат акысы 200 доллардан ашпай турган болуптур.

Кыргызстан деле той өткөрүү жагынан өзбек, казак бир туугандардан калбай келе жатат. Шаан-шөкөт барган сайын көбөйүп, той ырчы-чоорчусу жок өтпөй калган.

Өлкөдө белгилүү ырчыларынын тойлордогу акысы канча? Sputnik агенттиги жакшылыктарга көп чакырылып жүргөн ырчылар арасында сурамжылоо жүргүздү.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эл аристи Гүлнур Сатылганова
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эл аристи Гүлнур Сатылганова

Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, коңур үндүү Гүлнур Сатылганова 3-4 ырына кем дегенде 300 доллардан алат. Ал эми облустардан, аймактардан чакыруу түшүп калса, баа 1000 долларга чейин жетет.

Тойлордун көркүн ачып жүргөндөрдүн катарында Гүлнара Кахарова да бар. Бирок ырчы тойдо алчу акысын ачык айткан жок. Ал "бардык эле тойдон акча ала бербейбиз" деп айрым жакшылыктарга бекер ырдаса, кээ бир жерден той ээсинин көңүлүнө чыккан акчаны аларын айтты.

© SputnikКРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев
Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев

Элибиздин сыйлуу, сыймыктуу уулу Сыймык Бейшекеев Бишкекте өткөн жакшылыктардан ырдаса 200 доллардан алат. Ал эми аймактарга баа сүйлөшүүгө жараша болот экен.

© Фото / Ринат МурзаевМаданияттын мыкты кызматкери, ырчы Токтобек Асаналиев
Певец Токтобек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Токтобек Асаналиев

Кыргыздын салттуу ырларын дүйнөгө тааныткан Токтобек Асаналиев тойдогу кызмат акысын бекерден 100-200 долларга чейин дейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданияттын мыкты кызматкери Съездбек Искеналиев
Церемония вручения национальной кинопремии Ак Илбирс  - Sputnik Кыргызстан
Маданияттын мыкты кызматкери Съездбек Искеналиев

Орто муундун өкүлдөрүнөн Съездбек Искеналиев эки-үч ырына бекерден 150-200 долларга чейин ала турганын билдирди. Ал эми аймактарга бара турган болсо жолдун алыстыгына жараша төлөнөт экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков

Мирбек Атабековдун продюсеринин айтымында, ырчы Бишкекте өткөн тойлордо эки ырына 300 доллардан 500 долларга чейин алат. Кокус Ош шаарына чакыруу келип калса жол кире, тамак-ашын кошпогондо 1000 доллардын тегерегинде бааланат.

© SputnikЫрчы Нурлан Насип
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурлан Насип

Жаштардын сүйүктүү ырчысы Нурлан Насип Бишкекте өткөн тойлорго 400-500 долларга ырдайт. Эгер аймакта жашагандар аны тойго чакырам деп калса калаадагыдан көбүрөөк акча төлөп калышат.

© пресс-служба мэрии города БишкекМаданияттын мыкты кызматкери Анжелика
Вечер музыки под открытым небом - Sputnik Кыргызстан
Маданияттын мыкты кызматкери Анжелика

Анжеликанын тойдо аткарган үч ыры 300 долларга бааланат.

© Фото / Арсен МендебаевКРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова

Ал эми Самара Каримова Ош шаарында жашагандыктан Ошто өткөн тойлорго 400 долларга барат. Бийчилери менен барса 100 доллар кошулат. Бишкек шаарынан чакыруу түшсө 800 долларга келип ырдап берет.

"Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисткасы Айжамал Кабылова да Ош шаарында турат. Ырчынын акысы 200 доллар. Аймактарга чакырылса 100 доллар кошулуп, Бишкектен сунуш түшсө 700 долларга келип ырдап берерин кошумчалады.

Ырчы Омардыкы негизи 300-400 доллар. Менеджеринин айтымында, көпчүлүк учурда той берген тарап менен дагы бул баа сүйлөшүлүп бир аз төмөндөйт.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев
Певец Кайрат Примбердиев  - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев

Ал эми Кайрат Примбердиевдин тойдо канча акы аларын сураганыбызда анын  келинчеги  баасын айтуудан баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0