БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө кулаган тик учактан жабыркаган алты кишини Бишкекке алып келишет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Генералдык штабдын Абадан коргонуу күчтөрүнөн кабарлашты.
Тик учак бүгүн Түштүк Эңилчекте калгандарды куткарууга барганда кулап түшкөн. Буга чейин төрт кишинин кырсыктаганы тууралуу маалымат айтылган.
Алардын аты-жөнү азырынча белгисиз. Жабыркагандарды алып келүү үчүн кырсык болгон жерге дагы бир тик учак жөнөп кетти.