БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан КР аба күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учагы кырсыктады. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
Ага ылайык, тик учак катуу шамалдан улап сол капталына кулап калган.
"Алдын ала маалымат боюнча төрт киши жабыркады", — деп айтылат маалыматта.
Учурда жабыркагандарды алып келүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.