00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как живут дети, чьи родители уехали на заработки за границу
12:09
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө маданиятынын пайдубалы: Улуттук театр 100 жылдык мааракесин белгилейт
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЭКГ, УЗИ сердца и СМАД: какие обследования помогают выявить болезни сердца
14:05
60 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что нового подготовили организаторы VI Всемирных игр кочевников в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
19:09
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кыргызстан между санкциями и экономикой — чем грозит ЕС?
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда кимдин тик учагы бар? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые соревнования "Аскер шумкарлары" Генерального штаба Вооруженных сил КР
Вторые соревнования Аскер шумкарлары Генерального штаба Вооруженных сил КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда канча тик учак бар, алар кимге таандык экендигин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы тактап билди.

Кыргызстанда санитардык авиация кызматы иштейт. Анын карамагында аба техникасынын болушу шарт. Бирок аталышына карабастан, бул кызматтагы медиктердин авиациялык жабдыгы жок.

Бейтаптарга көмөк көрсөтүүгө үлгүрүү үчүн дарыгерлер Саламаттык сактоо министрлигинин гаражындагы унааларды ижарага алышат. Өзгөчө кырдаалдарда тик учак сурап өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына же жеке компанияларга кайрылышат.

Ушул себептен Sputnik агенттиги Кыргызстанда тик учактарга ким ээлик кыларын, кандай шарттарда алардын кызматынан пайдаланууга мүмкүн экендиги тууралуу тактоону чечти.

Канча учак менен каякка бара алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 1992-жылкы чыгарылыштагы тик учак бар, ишке берилгенден тарта аны кармоого бюджеттен каражат бөлүнбөй келет. Бир нече жыл мурун ал техниканын пайдалануу мөөнөтү бүткөн. Тик учакты оңдоого 1,5 миллион сомдун тегерегиндеги каражат талап кылынат. Өзгөчө кырдаал жаралганда ӨКМ Башкы штабга же жеке компанияларга кайрылууга аргасыз, алар да андай өтүнүчтү өз ылайыгына карап чечет. Акыркы ирет тоодо жаракат алган туристти ойго түшүрүү үчүн тик учак керектелип, Башкы штаб макул болбой койгон.

Башкы штабдын карамагында бир нече тик учак бар. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, аскерий аба техникасынын так саны мамлекеттик сыр болуп саналат.

Өлкөдөгү тик учактардын бири Ага Хан фондусуна таандык. Уюм бул аба каражатын туризм жаатындагы компаниялар жана жеке адамдарга келишимдин негизинде берет.

Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин расмий сайтында ар кандай уюмдардын атына жазылган 9 тик учак катталган.

Heli Sky туристтик компаниясынын төрт тик учакка ээлик кылат. Алардын бири 1991-жылкы чыгарылыштагы Mi-8MTV-1 жана дагы Mi-171 тик учагы бар. Ишкана Кыргызстан боюнча саякаттарды, өлкөнүн алыскы булуң-бурчуна сапарларды уюштурат.

Heli Sky компаниясынын сайтында белгилендей, бул уюм чет элдик туристтерге басым жасайт.

Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
Аба каражаттарын оңдоого адистешкен "Аэростан" ЖЧКсына Mi-8MTV-1 үлгүсүндөгү эки тик учак катталган. Мындай аба жабдыгы дүйнөдөгү эң кеңири таралган эки кыймылдаткычтуу тик учак болуп саналат (12 000ден ашуун санда чыгарылган), ошондой эле авиация тарыхындагы эң көп колдонулган тик учактардын тизмесине кирет. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жарандык жана аскерий багыттагы иштерде пайдаланылат.

CAAS (Central Asia Avia Service) ишканасына дагы төрт: эки Mi-8MTV-1, бир Mi-8AMT жана бир Mi-8Т тик учагы катталган. Аталган ишкана MI-8T үлгүсүндөгү тик учактарды техникалык жактан тейлөө жана аларды модификациялоо менен алектенет. Новосибирск авиациялык ремонттоочу заводунун жардамында иш жүргүзгөн бул завод кыргыз-россиялык биргелешкен мамлекеттик ишкана болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0