Кувейттеги ишке алданган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын үч жараны Кувейттен жумуш таап жөнөткөн агенттик убадасына турбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып кайрылган. Учурда ал агенттиктин жоопкерчилиги каралууда.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кувейтке иштегени барып алданып калган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 26-май күнү Кыргызстандын 21 жана 23 жаштагы үч жараны Кувейттен жумуш таап жөнөткөн агенттик убадасына турбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылган. Алар чет өлкөгө Борбор Азия аймагында жумушка орноштуруу агенттиги аркылуу кетишкен болчу.

"Тышкы иштер министрлиги менен Эл аралык миграция уюмунун кызматташтыгынын алкагында жана Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жасалды. Анын натыйжасында жарандар 9-июнда Бишкекке алып келинди", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев балдарды жөнөткөн агенттиктин лицензиясын алуу боюнча документтер каралып жатканын билдирди.

Кувейтке иштеген Кыргызстандык мигранттардын жашоо шарты - Sputnik Кыргызстан
Кувейттеги ишке алданып, кайта албай жаткан кыргызстандыктар. Жашаган жеринен видео
"Арыз түшкөндөн кийин буга түшүндүрмө берүү боюнча агенттиктин жетекчилигин үч жолу чакырганбыз. Бир ирет кат жолдоп жарандарды алып келүүсүн табыштадык. Бирок алар ишти кечеңдете берди. Эл аралык миграция уюмунун өкүлү да келип ишке байкоо салып турган. Акыры жарандарыбызга ошол уюм учакка билет алып берди. Эртең балдар менен жолугабыз. Ишке жөнөткөн агенттикке карата териштирүү жүрүп жатат. Эгер күнөөсү табылса, мыйзамга ылайык 70 миң сомдук административдик жазага тартылат. Андан тышкары, лицензиясын алуу маселеси ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна коюлат", — деди Алыбаев.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жабыркаган мекендештер менен байланышып, алардын аман-эсен экенин билди. Жигиттер тийиштүү тараптарга ыраазычылыгын айтышты.

"Сиздердин редакцияга кайрылгандан кийин элчиликке, Тышкы иштер министрлигине жана Миграция кызматына байланышка чыктык. Алар биз менен тыгыз байланышта болуп турду. Анан эки жумадан кийин натыйжа болуп мекенибизге алып келишти. Кыйын кырдаалда жардам бергениңиздер үчүн баарыңыздарга чоң рахмат! Ал эми бизди жөнөткөн агенттик менен мындан ары мыйзамдын негизинде иш алып барабыз", — дешти алар.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги Бишкектен тогуз кыргызстандыкты (4 эркек, 5 кыз) Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарына ресторандарда тейлөө кызматына иштөөгө жиберет. Бассейн, машыгуу залы менен бүт шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөнөрү убадаланат. Андан сырткары, чай пул да көп түшөрүн айтышкан. Бирок иш жүзүндө баары башкача болуп чыккан. Мындан улам жигиттерден үчөө иштөөдөн баш тартып, бирөө мадициналык кароодон өтпөй артка кайтса, калган кыздар шарты жакшыраак жерде жашап, иштешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0