Стоматолог Үсөнова: ооздон чыккан жагымсыз жыт олуттуу оорунун белгиси

© SputnikСтоматолог Салтанат Үсөнова
Стоматолог Салтанат Үсөнова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер жүзүндөгү адамдардын тең жарымынын оозунан жагымсыз жыт чыгып турат. Бирок өз жытына көнүп калган кишилер бул кемчиликти байкашпайт.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Ооздогу жагымсыз жыт көйгөйүнө медициналык жана психологиялык жактан караса болот. Бул тууралуу бишкектик стоматолог Салтанат Үсөнова Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандарына айтып берди.

"Жашоодо жыттын мааниси өтө чоң, ал аркылуу адамды жактырып же жек көрүп калуу оңой эле. Бирок жаман жыт адамдын социалдык жашоосуна таасир этип гана тим болбостон, анын ден соолугундагы кемчиликтер тууралуу кабар берет", — деди дарыгер.

Анын айтымында, жагымсыз жыт ар кандай оорулардан улам пайда болушу мүмкүн.

Работа клинической стоматологической поликлиники в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кийме тиштин зыянын айтып беришти
"Ооздогу сасык жытка гигиенанын жоктугу, туура эмес тамактануу, кофе, газдалган суусундуктар, алкоголь ичимдиктери жана тамеки чегүү себеп болот. Бирок 85 пайызына периодонт, тиштеги курт сыяктуу стоматологиялык оорулар шарт түзөт. Ал эми ички органдарды алсак, боор, бөйрөк, ичеги-карын оорулары дагы ооздон жагымсыз жыт бөлүп чыгарат", — деп түшүндүрдү Үсөнбаева.

Дарыгердин пикири боюнча мындай көйгөйгө кабылган адамдар ден соолугун текшертип коюудан качпашы керек.

Маалыматка караганда, жер жүзүндөгү адамдардын тең жарымынын оозунан жагымсыз жыт чыгып турат. Бирок өз жытына көнүп калгандар бул кемчиликти байкабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0