00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстандын транспорт тармагы туруктуу өсүш көрсөтүүдө. Бул тууралуу транспорт министри Талантбек Солтобаев Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" эл аралык транспорт форумунда айтты. Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 660 миллиондон ашык жүргүнчү ташылып, 60 миллион тоннадан ашык жүк жеткирилгенин белгиледи. Бул жылы негизги көрсөткүч болжол менен 6-7 пайыз деңгээлинде өсүүнү улантып, ири жана динамикалуу өнүгүп жаткан транспорт системасы калыптанып жатканын көрсөтөт. Ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу стратегиялык долбоорунун мааниси өзгөчө экенин белгилеп, долбоор практикалык ишке ашыруу баскычына өткөнүн айтты.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялардан авиабилеттердин баасын кайра карап чыгууну талап кылды. Бул талап айрыкча майрам күндөрүндөгү бааларга тиешелүү. Мекеме Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун катышуусунда жолугушуу өткөргөн. Анда республика ичиндеги авиакаттамдардын баасын аныктоо маселеси негизиги тема болду. Маалыматка ылайык, акыркы убакта социалдык тармактарда май майрамдары учурунда Бишкек — Ош — Бишкек багыттарына учак билеттеринин баасы 10 миң сомго чейин чыкканы кызуу талкуу жаратты. Бирок жолугушуунун жүрүшүндө авиакомпанияларда ички каттамдар үчүн мындай баадагы билеттер жок экени белгилүү болду. Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу органы ички рынокто учак билеттеринин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө зарылдыгын белгиледи.
Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында "Жер менен шайкештикте" аттуу эл аралык көргөзмө өтүп, анда кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эмгеги тартууланууда. Бул тууралуу иш-чаранын кураторлорунун бири Айбек Байымбетов билдирди. Анын айтымында, көргөзмө Азия жана Африкадагы түптүү элдердин жана салттуу жамааттардын маданиятына, ошондой эле планетага кам көрүүнүн жандуу этикасына — адам Жерден бөлөк эмес, анын бир бөлүгү экенин түшүнүүгө арналган. "Жогорку деңгээлдеги эл аралык аянтта алгач ирет кыргыздын таланттуу уз-усталарынын жана сүрөтчүлөрүнүн кол санат өнөрүнүн эмгектери сунушталып жатканы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул Кыргызстандагы маданий мурастын жана көчмөн цивилизациясынын салттуу искусствосунун эл аралык деңгээлде таанылышына карай маанилүү кадам болуп саналат", — деди Байымбетов.
Евразия элдерин жалпы тарых жана баалуулуктар бириктирет. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган Москвадагы форумда билдирди. Ал аймакта миңдеген элдер кылымдар бою бирге жашап, маданиятын, тарыхын сактап келгенин белгиледи. Ошондой эле маалымат катчы Россия ар бир өлкөнүн суверендүү позициясын колдой турганын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттер өз кызыкчылыгына жараша башка өлкөлөр менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрө алат. Ал Евразиядагы интеграциялык процесстер билим берүү, маданият жана гуманитардык багытты өнүктүрүүгө багытталганын кошумчалап, бул баалуулуктар өзүнөн-өзү сакталбай турганын, ал үчүн аракет керек экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0