Гүлжан, Жибек, Дөөлөт, Жаныш... Атыңыздын маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүкө ойноп жаткан балдар. Архив
Чүкө ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, наристесинин атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Элдик лексика, салт-санаага таянуу менен перзентине жакшы ат берүүнү ойлонот.

Наристелүү болуп, ымыркайыңызга кандай ысым коеруңузду билбей жатсаңыз, же өзүңүздүн атыңыздын маанисин билгиңиз келсе Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасын окуңуздар. Бул ирет да кыздар, балдардын 20 ысымын мааниси менен тизмектейбиз.

Кыз балдарга берилчү 10 ысым

Гүлжан. Кыргыз эли кыздарына "гүл" сөзү менен коюлган ысымдарды көп ыйгарат. "Гүл" — деген бул аңкыган, жыпар-жыттуу көркөмдүү өсүмдүк. Дал ошол гүлгө салыштырып ата-эне кыздарына Гүлназ, Гүлкайыр, Гүлүмкан, Гүлай, Гүлзат, Гүланда, Гүлдана, Гүлшайыр, Гүлшай деген ар түрдүү мүчө уланган аттарды берип келет.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байзак, Барпы, Бермет, Баян. Атыңыздын маанисин билесизби?
Жазгүл. Жаңыдан жарык дүйнөгө келген биздин ушул перзентибиз да табигаттын ажырагыс бүтүндүгү болуп, дүйнөдөгү эн жакын, эң боорукер жана сулуу адамдардан болсун деген ата-эненин аруу тилеги менен кыз балдарга коюлган ысым.

Жайнагүл. "Жаркырап, жайнап өссүн, турмушта кордук көрбөсүн" деген жакшы тилек менен коюлган ысым.

Жамал. Лексикалык мааниси "нурдуу жүз" дегенди түшүндүрөт. Ата-энеси ажарлуу, сулуу, татынакай болсун деген ниетте бул ысымды кызына коет.

Жаркын. "Маанайы (жүзү) жарык болсун, жаркырап-күлүп, жайнап жүрсүн, өмүрлүү болсун" деген аруу тилек менен жаралган ат.

Жибек. Жибек — үлпүлдөгөн, баалуу кездеме. Кыздары дал ушул жибек кездемедей жумшак, үлпүлдөгөн, бирок ошол эле учурда бышык болсун деген жакшы тилек менен кыздарга коюлуп жүрөт.

Жийде. Бул бакта өскөн жемиш. Элибиз дал ушул жийденин гүлүндөй бүрдөп өсүп, көп балалуу-чакалуу болсун деген мааниде кыз балдарга берип келет.

Жумагүл. Жума — аптада жети күндүн ичинен өзгөчө орунда турган. Анткени бул күнү намаз жума болуп, эл мечитке барган. Бул күн чыгыш элдеринде базар күн деп да эсептелет. (Базарды кыргыздар башка эл сыяктуу майрам катары баалашкан). Мындан улам жума күнүнө байланыштуу энчилүү адам аттары мурда көп коюлчу. Алсак, Жумагүл, Жумакан, Жумабек, Жумабай жана башка.

Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Жүзүм. Мөмө-жемиштин аты. Кыздары жүзүмдөй ширин болсун деген ата-эненин аруу тилеги менен ыйгарылган ысым.

Жылдыз. Эл арасында Жылдыз, Чолпон, Ай, Күн ыйык деп эсептелген. Ошондой эле бул космостук объектилер сулуулуктун, тунуктуктун, жашоо-турмуштун символу катары бааланып келет. Мындан улам ата-эне баланын "жылдызы жанган, жылдызы артык, жылдызы ысык, жылдыздуу, кыргыздын чолпон жылдызы, төбөмдө чолпон жылдызым, маңдайга бүткөн чолпонум, чолпондой болгон" деген салыштыруулар менен кыздарына бул аттарды беришкен.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Данияр. Бул ысым тажик тилинен келген. Ал эркек балдарга "досу, жакын адамдары, көңүлдөш, санаалаш кишилери көп" болсун деген тилекте коюлат.

Дастан. Эпикалык чыгарма, поэма, уламыш деген маанилерди өзүнө камтыйт. Мына ушул мазмундардан улам айкын, ачык, тунук, толуп-ташып турган деген мазмундар жаралып эркек балдарга карата коюлуп калган.

Бешик бөлөп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи, балага кантип ысым тандайт. Жөрөлгөлөр мааниси
Дөөлөт. Бул сөздүн лексикалык мааниси "байлык, бакыт, таалай, кут" дегенди түшүндүрөт. Бала чоңойгондо байлыгы ашып-ташып, дөөлөттүү, мартабалуу, бай болсун, бактылуу-таалайлуу болсун деген тилек менен ыйгарылат.

Дуулат. Ар дайым шаттыкта, жыргал турмушта жашасын, жашоосу бейкапар өтсүн деген тилек менен эркек балдарга коюлуп келет.

Жакшылык. Жакшы иштердин башаты бул — жакшылык. Балабыз ар дайым жакшылыктын үстүндө жүрсүн, жакшы иштерди жасаган кайрымдуу бала болсун деген тилек менен ымыркайга ыйгарылган ысым.

Жакып. Негизи бул ысым бизге байыркы еврей (Иаков), араб тилдеринен (Якуб) келген. Якуб "артынан ээрчүүчү, артынан келүүчү, артынан калбоочу" деген маанини туюндурат. Сөз болуп жаткан ысым казактарда – Жакып, тажиктерде – Якуб, башкырларда – Якуп, орустарда – Яков деп айтылып жүрөт. Бул антропоним кыргызда реалдуу адамдардын аты болуу менен катар эпикалык чыгармаларда да учурайт. Буга "Манас" эпосундагы Манастын атасы Жакыптын аты далил.

Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар
Жаманбала. Жаман эле болсун, бирок аман болсун деген тилекте эркек балдарга коюлуп келет. Бул ысымдын мааниси кыргыздын "баланын туулганына эмес, турганына сүйүн" деген макалына үндөш келет.

Жанболот. Ымыркайдын жаны бекем болсун, өмүрлүү болсун деген тилекте берилет. Буга уйкаш Жаныбек, Жанжигит деген ысымдар да эркек балдарга коюлат.

Жаныш. Ата-энесине күйүмдүү болуп, кишиге жамандыгы жок болуп, адамдарга (айлана-чөйрөгө) жылдызы жанып турсун деген мааниде эркек балдарга берилген ысым.

Жапар. Эркек балдарга берилген бул ысым араб тилинен оошкон омонимдик маанидеги ат. Ал "кубаттуу, күчтүү, бейиштин суусу, булагы, башаты" деген маанилерди туюндурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0