Арыкташ керек эле... Адистер семирип кетүүнүн 10 себебин айтты

© AP Photo / Rogelio V. SolisПроблема с ожирением в Мехико
Проблема с ожирением в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашыкча салмак чоң көйгөй экендиги талашсыз. Андан арылуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонгондор бар.

Биз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын гигиеналык дисциплина кафедрасынын профессору Мария Эсенамановага жана №1 үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгер гинеколог-эндокринологу Нуржамал Керимбаевага кайрылып, ашыкча салмактын себебин билип көрдүк. 

Эсенаманованын айтымында, толуп кетүүгө ашкере жана туура эмес тамактануу, зат алмашуунун туура эмес жүрүшү, кыймылдын аздыгы себеп. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаКыргыз мамлекеттик медициналык академиянын гигиеналык дисциплина кафедрасынын профессору Мария Эсенаманова
Профессор КГМА Мария Эсенаманова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын гигиеналык дисциплина кафедрасынын профессору Мария Эсенаманова

Ашыкча тамактануу. Көп учурда адамдар тойгуча тамак жеп алышат. Бул учурда ашказан ашты сиңире албай салмак кошууга алып келет. Аз-аздан жана бат-баттан тамактануу абдан пайдалуу. Негизи төрт ирет: эртең менен, түштө, күүгүмдө жана кечинде тамактануу керек.

Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп
Куурулган, ышталган тамактар, газдалга суусундуктар зыян. Булар даамдуу болгону менен өтө каллориялуу. Кайнатылган, бууланган тамактан өтөөрү жок. Маалы менен жылуу суу ичип туруу да пайдалуу.

Зат алмашуунун туура эмес жүрүшү. Зат алмашуу — ар бир тирүү организмде жашоону камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз жүрүп туруучу энергетикалык жана татаал химиялык процесс. Жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк, адамдын ичип-жегенин организм иштеп чыгып, иштелип чыккандарын кайра өзүнө керектейт.

Кыймылдын аздыгы. Адам канчалык көп кыймылдап, активдүү болсо тамакты бат сиңирип, сергек жүрөт.

Гинеколог-эндокринолог Нуржамал Керимбаеванын айтымында, ашыкча салмакка кош бойлуулук, төрөттөн кийинки абал, жаш курак, эндокриндик системанын бузулушу, стресс, генетика жана сексуалдык көйгөй таасир этет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГинеколог-эндокринолог Нуржамал Керимбаева
Гинеколог-эндокринолог ЦСМ №1 в Бишкеке Нуржамал Керимбаева  - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог-эндокринолог Нуржамал Керимбаева

Кош бойлуулук, төрөттөн кийинки учур. Аял боюнда бар кезде гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам зат алмашуу жайлайт. Мындан улам салмак кошулат. Төрөттөн кийин бала эмизгенде организмде май топтому көбөйөт. Ашыкча салмак жыныс органдарынын кызматынын бузулушуна алып келет. Жыйынтыгында айыз циклинин бузулушу, бойго бүтүү кыйынга турат.

Жаш курак. Адамдын жашы өткөн сайын кыймыл азайып, зат алмашуу жайлап, организм кара күчтү аз коротот. Ошондуктан каллорияны көп таштай албай калат.

Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Диетолог Иманкулова: арыктоонун бир гана формуласы бар...
Эндокриндик системанын бузулушу. Эндокрин системасына гипофиз (мээнин алдыңкы бөлүгүндөгү бези), гипоталамус (мээнин бир бөлүгүндөгү без — ред), эпифиз (мээнин жарым шарларынын алдындагы без — ред), калкан сымал, уйку, бөйрөк үстүндөгү жана энелик бездер кирет. Бул бездердин көлөмү жана формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан. Эндокриндик система бөлүп чыгарган гормондор кан менен бүт денеге тарап, органдардын иштешин камсыз кылып турат. Эгер система бузулса адам тез чарчап, зат алмашуусу бузулуп, жыныстык жашоого кызыгуусу жоголуп, салмак кошконго чейин жетет.

Стресс. Адамдар жан дүйнө көйгөйүнө кабылганда бири тамакты аз жесе, бири ашыкча жейт. Медицинада тамактан баш тартуу — анорексия, чектен аша жеши — булимия деп аталат.

Генетика. Эгер адамдын тукумунда толук адамдар болсо, ал бир канчалык деңгээлде балдарына таасир этет.

Сексуалдык көйгөй. Байма-бай жыныстык катнаштын жоктугу гормондордун жетишсиздигине алып келет. Ошондуктан бул нерсени айрым адамдар тамак менен алмаштырат. Сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган адамдар сарсанаага батканда дагы салмак кошот.

Ашыкча салмак ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келерин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев дагы айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0