Батир алам деп алданып калдыңызбы? Кыргызстандыктарга кеп-кеңеш

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан турак үй. Архив
Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча жарандардын 37 пайызы турак жай сатып алган. Статистика жана социалдык сурамжылоолор корсөткөндөй, бул тизмедегилердин көбү үлүштү курулуш ыкмасы аркылуу турак жайга акча салышкан. Алардын көпчүлүгү батирин алууда бир топ кыйынчылыктарга кабылышат.

Sputnik Кыргызстандын редакциясына келишимдин талаптары курулуш ишканалары тарабынан аткарылбай, мөөнөтүнөн өтсө да, батирлерин пайдаланууга ала албай жаткан окурмандардан каттар келип түшкөн. "Вигенс" бирдиктүү укуктук борбордун директору Владимир Плужник мындай маалда эмне кылуу керектигин айтып берди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Вигенс" бирдиктүү укуктук борбордун директору Владимир Плужник
Президент единого правового центра Вигенс Владимир Плужник - Sputnik Кыргызстан
"Вигенс" бирдиктүү укуктук борбордун директору Владимир Плужник

Каармандарыбыз объективдүү себептерден улам аты-жөнүн айтуудан баш тартышты

Бишкектик тургун

Акцизы на бензин и дизельное топливо повысили с 1 апреля - Sputnik Кыргызстан
Май куюучу жайлар кардарларды кантип алдайт? Мурун иштеп кеткендер сыр ачты
Курулуш компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча батирлер өткөн жылдын июль айында пайдаланууга берилмек, бирок фирма улам мөөнөтүн жылдырып келет. Эмне кыларыбызды билбей калдык, улам тил эмизип келишет. Ишкананы сотко берели деп белсенгенбиз, бирок алар эми бизди таптакыр турак жайсыз калтырарын айтып коркутууга өтүштү.

"Вигенс" бирдиктүү укуктук борборунун директору Владимир Плужник бул кырдаалдан кантип чыгуу керектиги боюнча кеңеш айтты.

— Кардар менен курулуш ишканасынын мамилеси тек гана Жарандык кодекс жана керектөөчүнүн укугун коргоо тууралуу мыйзам менен гана жөнгө салынат. Үлүштүк курулуш жөнүндө так бир мыйзам жок.

Батир куруу келишими же курулуштук мүнөздөгү келишимде сөзсүз түрдө тапшыруу мөөнөтү, кайтаруу мөөнөтү жана объектини өткөрүү мөөнөтү камтылууга тийиш. Көп учурда бул акыркы пункт келишимдерде көрсөтүлбөй калат, же жагдай мындай жазылат: курулуш аяктаган маалдан тарта 30 күн аралыгында кардар келишимди бузууга мыйзамдуу укугу бар. Эгер мөөнөт көрсөтүлбөй калса, аны сөзсүз белгилөөнү өтүнүү зарыл, же баары өзүнөн өзү чечилишин күтүп отуруу керек.

Мөөнөтүнөн кечиктирилген шартта кардардын эки жолу бар: моюн сунуу – көп учурда ушундай эле болот, же курулуш ишканасынан кун иретинде акча өндүрүү.

Ош тургуну

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болгуңуз келеби? Мамлекеттик ипотека тууралуу эмнелерди билүү керек
Компания үйдү пайдаланууга берди. Андан кийин жашообузду кыйындаткан бир топ көйгөйлөр жаралды: суу дээрлик чыкпайт. Суу түтүк тутумдары башка бир имаратка кошулуптур, алар сууну болушунча пайдалана баштаганда бизде суу таптакыр токтойт.

Владимир Плужник:

Эгер суу түтүгү, электр киргизилбесе, үй пайдаланууга берилбеши керек. Бул талаптар аткарылбаса, кабыл алуучу мамлекеттик комиссия үйдү пайдаланууга берүүгө уруксат документин бербейт. Мөөнөтүнөн кечиктирилишине эл нааразы болуп чыкканда курулуш ишканалары куулук кыла башташат. Мамлекеттик каттоо кызматынан пайдаланууга берүү уруксатысыз эле алар батирдин техникалык паспортун алышат да кардарларын киргизип, жайгаштырып коюшат.

Ал эми адамдын батирге ээлик экендигин тастыктоочу укугу болбойт, эгер аны суу каптап же өрт чыгып, же дагы бир ушундай кырдаал жаралса, ал сотко бере албайт, себеби, юридикалык жактан үйдүн ээси катары ал катталган эмес. Эгер батирде электр жана суу болбосо, мыйзамдар бузулган, а сиз тобокелге салып жашап жатасыз.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Мындай көйгөйдү чечүү үчүн башка бир кызык, бирок натыйжалуу жолду сунуштайм. Бул ишкана менен соттошуп отурууга караганда алдаканча тез бүтөт.

Шаардык суу канал башкармалыгына барып, туташтырууга арыз жазуу керек. Өз алдынча долбоор түзүп, түтүк өткөрүңүз, кудук казыңыз. Өз күчүңүз менен мунун баарын ишке ашырган соң, шаардык суу каналга туташасыз. Артыкчылыгы — бүтүндөй тутумдун көзөмөлү өзүңүздө, үй тургундарынын жеке менчиги. Ага тургундардын макулдугусуз башка эч ким кошула албайт.

Ошондой эле ишканага курулуш сапаты боюнча кине койсоңуз болот, эки жыл аралыгында буга укугуңуз бар. Анан да келишимди кунт кое окуп чыгыңыз, эгер ал жакта суу жабдыгы менен камсыздоо боюнча көрсөтүлсө, анда сиз келишимди аткарууга аргасыз кылуу боюнча сотко арыз менен кайрылсаңыз болот. Эгер андай жобо келишимде жазылбаса, аракетиңиз майнапсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0