"Бишкек парк" итке калпак кийгизилген окуя боюнча элден кечирим сурады

Жазылуу
"Бишкек парк" соода борбору конкурстун мазмунун көзөмөлгө алынбаганын өкүнүү менен белгилейт

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Бишкек парк" соода борбору калпак кийгизилген иттин мода көрсөтүп чыгарылганы боюнча коомчулуктан кечирим сурады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы маалымдайт.

"Бишкек парк" соода борбору конкурстук программанын жана кийимдердин атайын талабы жок болуп, иш-чаранын мазмуну көзөмөлгө алынбаганын өкүнүү менен белгилейт.

"Бул конкурстун катышуучусу терең маани бербестен кыргыздын улуттук калпагына окшош баш кийимди итине кийгизип алгандыгын биз өкүнүү менен анын атынан кечирим сурайбыз. Ит ээсинин эч кандай жаман максаты болгон эмес, кыргыз элин мазактоо ниети жок болчу", — деп айтылат.

Ошондой эле анда кайрымдуулук иш үчүн жана алдыдагы келе жаткан ит жылына арналган иттердин конкурсу болгону кошумчаланат.

Белгилей кетсек, буга чейин калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан иттин сүрөтүн интернет колдонуучулары катуу сынга алган. Алар жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизүү жат көрүнүш экенин айтып, нааразы болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0