БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. КР президентинин төш белгисин мойнуна тагып алып сүрөткө түшкөн киши КР өкмөтү аппаратынын тышкы саясат бөлүмүндөгү протокол секторунун башчысы Мар Топоев болуп чыкты. Ал инаугурацияга даярдануу учурунда тартылган видеосун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
24-ноябрда кечинде социалдык тармактарга президенттин төш белгисин тагынып алып сүрөткө түшкөн эки кишинин сүрөтү жарыяланган. Интернет колдонуучулар алардын бул жоругуна карата өздөрүнүн терс көз карашын билдиришкен.
Топоев Facebook баракчасына видео президенттин инаугурациясына даярдануу учурунда тартылганын жазып, майда барат нерсеге чейин даярдануу керектигин түшүндүргөн.