БИШКЕК, 25-ноя. – Sputnik. Белгисиз бирөө Кыргызстандын президентинин төш белгисин тагынып сүрөткө түшкөндүгү тууралуу Kaktus.media басылмасы өз окурманына шилтеме берип жазып чыкты.
Анын айтымында, бул сүрөт ага мессенжер аркылуу келген. Окурман сүрөттөгү киши өлкө президенти болбосо дагы анын төш белгисин тагынып алганына таң калган.
“Артындагы фонго караганда бул кишилер бүгүн Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өткөн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай" кабыл алуулар үйүндө болушкан. Бүгүн ал жакка жөнөкөй адамдар кире албайт болчу. Ары жакта Улуттук гвардиянын жоокерлери турганы көрүнүүдө. Демек сүрөт бүгүн тартылган”, — деп жазган окурман.
© скриншот со страницы FacebookНеизвестный с нагрудным знаком президента Кыргызстана
Неизвестный с нагрудным знаком президента Кыргызстана
© скриншот со страницы Facebook
Ушул эле сүрөт Facebook тармагынын колдонуучусу Назира Ахмедованын дагы аккаунтуна жарыяланган. Бирок көп өтпөй пост өчүрүлдү.