Улан Салянов деген ким эле?

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү Улан Салянов өз үйүнөн атылган

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын экс-адвокаты Улан Жумаков анын иниси тууралуу айтып берди.

Улан Салянов дүйшөмбүгө караган түнү өз үйүнөн атылган.

“Унаалардын ремонту менен алектенчү. Өзү менен өзү эле. Колдору дайыма мазут же боек болуп жүргөнүн көрөр элек. Динге берилген киши болчу, жубайы да намаз окучу. Эки кичинекей баласы калды. Үйүнүн курулушу бүтө элек эле”, — деди Жумаков.

Ал Улан Саляновдун саясаттан алыс болгонун белгиледи.

Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0