БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын экс-адвокаты Улан Жумаков анын иниси тууралуу айтып берди.
Улан Салянов дүйшөмбүгө караган түнү өз үйүнөн атылган.
“Унаалардын ремонту менен алектенчү. Өзү менен өзү эле. Колдору дайыма мазут же боек болуп жүргөнүн көрөр элек. Динге берилген киши болчу, жубайы да намаз окучу. Эки кичинекей баласы калды. Үйүнүн курулушу бүтө элек эле”, — деди Жумаков.
Ал Улан Саляновдун саясаттан алыс болгонун белгиледи.