00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:51
8 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Умело копить и грамотно вкладывать: чему еще учат в рамках глобальной недели денег?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что афгано-пакистанский конфликт означает для безопасности Центральной Азии
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек мэриясы: 2026-жылы 119 км жол курулат жана кайра курулат
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бабанов кайда? Тарапташтарынын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов
Депутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар Бабанов Кыргызстанда эместигин жазып чыгышты

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасоо жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов кайда эмне кылып жүргөнүн Казакбаев айтып берди
Учурда "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Бирок айрым ЖМКлар Бабанов Кыргызстанда эместигин жазып чыкты. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги анын партиялаштары менен байланышып, Бабановдун кайда экендиги боюнча пикирлерин угуп көрдү.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкканын билдирди.

"Өмүрбек Бабанов учурда кайсы жакта экенин так билбейм. Шайлоодон кийин кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыккан. Майрамдардан кийин фракциянын депутаттары да козголгон кылмыш иши боюнча өз баабызды беребиз", — деди Өмүрбекова.

Кандидат в президенты от оппозиции Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов Он-Адырда эл менен жолукканда эмне деп айткан
Ал эми фракция катчылыгы Бабанов кайда экенин так билбей турганын, маалыматты такташарын айтышты.

 

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Бабанов учурда чет жакта болушу мүмкүндүгүн билдирди.

"Азыр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда эмес, чет жакта болушу мүмкүн", — деди ал.


Депутат Максат Сабиров болсо учурда Бишкекте эместигин жана Бабановдун каякта экени боюнча так маалыматы жок экенин белгиледи.

Ал эми УКМКдагылар Бабановго карата козголгон кылмыш иши териштирилип жатканын маалымдаганы менен ал суракка чакырылган же чакырылбаганын, өлкө ичинде же чет мамлекетте экенин тастыктаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0