Тескери койбойт, бир колдоп сындырбайт. Нанга байланыштуу 6 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту "Манас"
Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нансыз жашоону элестетүү кыйын. "Нан болсо ыр да болот" деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Наны, даны толуп турган үйдө береке, ырыскы болот. Кыргызда үйгө келген мейманга сөзсүз биринчи нан ооз тийгизилип, аш-той берээрде да алгач нан, боорсогу жасалат.

Нанга аяр мамиле жасап аны убал, кор кылбаш үчүн элибиз сөзсүз ага карата ар түрдүү тыюуларды колдонушкан. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог, жазуучу Абдыкерим Муратов айтып берди.

Нанды тебелебейт. Анын күкүмү түшүп кетсе да сөзсүз терип, өйдө алып коюш керек. Элибизде нанды тебелеген адам көр болот деп коюшкан.

Нанды тескери койбойт. Нанды тескери койсо ал таарынат, үйдөн кут качат деп айтылып жүрөт.

Горное пастбище в Суусамырской долине - Sputnik Кыргызстан
Акка байланыштуу 9 "болбойт"
Нанды бир колдоп сындырбайт. Нанды сөзсүз эки колдоп сындыруу керек. Аны бир колдоп үзүп алуу — кесирликтин белгиси болгон. Ошондой эле аны өтө майда кылып сындырса, жашоосу да майдаланып калат деген ишеним бар.

Нанды таштандыга ыргытпайт. Катып же көгөрүп кеткен нанды таштандыга ыргытып салган туура эмес. Аны ит же тоокко берип, болбосо таштанды челекке өзүнчө баштыкка салып илип койгон туура. Нанды ар кай жерге таштаган адамдын иши оңбой калат деп айтылат.

Нан менен ойнобойт. Балдарга нанга туура мамиле жасап анын улук экенин айтып, тарбиялоо — ата-эненин милдети. Нан менен ойноп, жерге таштап, аны кор кылган баланын ишине ата-эне күнөөлүү болуп калат.

Нанды күйгүзүп бышырбайт. Нан канчалык жакшы бышса, ал ээсине ыраазычылыгын билгизет, эгер аны күйгүзүп салса, "сен да күйүп кал" деп каргайт имиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0