Ата-бабалар ун, айран, сүттү туура эмес колдонуп, аны жөнү жок төгүп-чачкан адамды "кесир болот, убалы урат" деп урушуп, ага байланыштуу ырым-жырымдарды жасап келишкен. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жазуучу, профессор Абдыкерим Муратовдон акка карата жасоого болбой турган нерселерди сурап көрдү.
Акты Айга көрсөтпөйт. Акты күн батканда сыртка алып чыкканга болбойт, Ай көрүп калса жаман болот деген түшүнүк болгон.
Актын калдыгын тебелендиге төкпөйт. Сүт, айран ачып же бузулуп калса адам тебелебеген жерге же аккан сууга төгүү керек.
Актын үстүн ачык койбойт. Ун салынып турган идиштин үстү сөзсүз жабык болушу шарт. Ал эми кечкисин апалар сүт, айрандын оозун ачык калтыршкан эмес. Жаман нерселер түшүп кетет деп айтылат.
Ириген сүттү жөн жерге төкпөйт. Илгери ата-бабалар тоо-ташта жашап жүргөн кезде сүт ирип калса, суурдун ийинине төгүп коюшкан. Азыр аны итке берип же сууга төгөт.
Сүттү отко төкпөйт. Төксө малдын желини котур болот деп айтылып жүрөт.
Актын алдында жаман сөз сүйлөбөйт. Айран уютуп же камыр жууруп жатканда сөзсүз ниетти оңдоп, жаман сөз сүйлөбөй жакшы тилек менен жасоо керек. "Актын тилеги жакшы" деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек.
Ак менен ойнобойт. Илгертен эле элибизде ун менен сүт улук тамак деп эсептелет. Бул азыктардан канчалаган тамак-аш даярдалат. Андыктан акты сыйлап, тамак-ашты кесир кылбаган адамдын үйүнө гана ырыс-кешик кирерин унутпоо керек.