Мүчөл жаш деген эмне жана аны сөзсүз белгилөө керекпи? Жөрөлгөнүн мааниси

Жазылуу
Кыргыздар мындан бир нече кылым мурда жаш куракты жыл сайын эмес, мүчөл жаш менен эсептеген.

Мүчөл жаш деген эмне жана аны кандай убакытта, кайсы жылы белгилеш керек Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог жана жазуучу Абдыкерим Муратов түшүндүрүп берди.

Мүчөл жаш деген эмне?

Этнограф Айымкан Жаманкулованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жаманкулова: тушоо кесүүдө ала жип атайын эшилет
Мүчөл жаш — 13 жылда бир келчү өзгөчө мезгил. Тагыраагы, кыргыз эли жыл эсебин он эки жаныбардын аты менен атап, ал цикл ар бир 12 жыл сайын кайталанып турган. Бул курак бала он экиден өтүп, он үч жашка толгондо белгилене баштайт. Себеби баланын курсактагы жаткан жылы да кошулат.

Мүчөл жаш "Манас" эпосунда

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча "Манастын" "Семетей" бөлүмүндө Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга сыр алдырбай турганда, кыраакы карыя жыл эсебин мындай чыгарат:

Жыл эсебин алайын,
Эми жылды катка салайын,
Ал эле чычкан, ал эле уй,
Ал эле жылкы, а да барс.
Ал эле коён, ал жылан,
Ал эле тоок, ал улуу,
Ал эле мечин, а да кой,
Ал эле доңуз, ал эле ит,
Айкөлдөн калган кулунум,
Өлбөй жүрсө Семетей
Быйыл он экиге толгон кез.

Ошентип Бакай карыя энеси менен кеткен баатырдын баласын билет.

Мүчөл жылдар жана алар кайсы убакытта белгиленген

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Ыр уккан баланын тили так чыгат. Бешик ырын билген барбы?
Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы "чычкан", экинчиси "уй", үчүнчүсү "барс", төртүнчүсү "коён", бешинчиси "улуу" (кытайча "лу" – "ажыдаар"), алтынчысы "жылан", жетинчиси "жылкы", сегизинчиси "кой", тогузунчусу "мечин" (маймыл), онунчусу "тоок", он биринчиси "ит", он экинчиси "доңуз" аталат.

Ошентип мүчөл жылдардын биринчиси – 13 жашта, экинчи —24 жаштан 25ке караганда, үчүнчүсү — 36 жаштан 37 жашка караганда, төртүнчү мүчөл — 48тен 49 жашка караганда, бешинчиси — 60 жаштан 61ге караганда, алтынчы мүчөл — 74 жаштан 75ке караганда, 85 жаштан 86га караганда – жетинчи мүчөл, ал эми 97 жаштан 98ге караганда сегизинчи мүчөл жаш белгиленип калат.

Кыргызча жыл сүрүүнүн календары

Чычкан: 1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008

Уй: 1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009

Барс (Жолборс): 1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010

Коён: 1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011

Балык (Улуу): 1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012

Жылан: 1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013

Жылкы: 1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014

Кой: 1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015

Мечин (маймыл): 1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016

Тоок: 1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017

Ит: 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018

Доңуз (Кара кийик): 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019 жана башка.

Мүчөл жаш чыгарарда колдонулган ишенимдер

Адамдын мүчөл жылында ар кандай жагымсыз учурлар болуп кетпесин деген ишеним менен элибиз ар түрдүү ырымдарды колдонушкан. Мисалы:

  • Мүчөл жашын чыгарганда той кылып, мал союп, кан чыгарып, элге тамак-аш берген;
  • Дүйнө-мүлкүнөн зекет чыгарып, бей-бечараларды ыраазы кылган;
  • Мүчөл жашка чыккан баланын жаткан жерин арча менен аластайт, жууркан-төшөгүн күнгө жайып, кургатат, же жаңылаган;
  • Мүчөл жашка чыккан баланын эски кийимдерин кырсык тоорубасын деп отко өрттөшкөн;
  • Мүчөлү чыгып жаткан балага кызыл түстөгү кийим кийгизген;
  • Мүчөлү чыгып аткан балага аяк тептиришип, идиш сындыртышкан;
  • Мүчөл жылы оору-сыркоо, чыгаша, башка кырсыктар келет деп балдарды этият кармаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0