Жүзүмдөрү ийилип бышкан жерге беребиз
Алмалары топулдап түшкөн жерге беребиз…
Эзелтен көчмөн элдин бала чоңойтуусунда бешиктин аткарган функциясы өтө чоң болгон. Бешик баланын уктоочу жери гана болбостон, анын үйү болгон. Бала көп учурда бешикте жаткан, колун чыгарып ойногон, эмчек эмген, асты кургак болгон, бешик сууктан коргогон.
Бешик ырлары – аялзаты чыгармачылыгынын бир өӊүтү. Салттуу коомдо аялдар өздөрүнүн көркөм чыгармачылык талантын эки гана жерде ача алышкан. Бешик ырларын ырдаганда жана кошок кошкондо. Экөөндө теӊ аялзаты көзүнө жаш чайып, көкүрөгүндөгү тилегин, үмүтүн, муӊун, кусасын чыгарып үн чыгарган. Аялдардын ырлары үн менен коштолуп, күнүмдүк жашоодогу анын кайгы-кубанычын, ызасын, сагынычын чагылдырып турган. Айрыкча, бешик ырларын энелер ар кандай социалдык мотивдерди, тигил же бул кырдаалды чагылдырып, ар дайым сөздөрүн жаӊылап ырдашкан. Бешик ыры эне менен баланын ортосундагы бекем эмоционалдык байланышты камсыздаган. Анткени эненин үнү наристени камкордукка, мээримге бөлөп, коопсуз экенин сездирип, магдыратып уйкуга жетелеген.
Биздин муун жапырт бешик ырын угуп чоңойдук. Энесинин алдейлеген ырына көшүбөгөн наристе барбы, ал үндөн кубат алып, энесинин үнүнө термелип, ырахаттана көзүн жуумп магдыраган наристени биздин муун өзү да чоңойтту.
Бешик ырларын азыркы наристелер укпай калды, миӊдеген наристелер бешик ыры эмне экенин билбей чоӊойууда. Бешик ырын ырдаган энелерибиз саналуу гана. Айрым ата-энелер авторлор жаратып, музыка коштоосунда ырдалган даяр бешик (алдей) ырларын балдарына угузушат. Бул ырлар балдарды уктатууга эмес, сахнада ырдоо үчүн угуучуларга арналып даярдалганын биз Кыргыз радиосунун Алтын фондусунда сакталган бешик ырларына талдоо жасаганда байкадык. Анткени ырлар атайын симфониялык оркестрдин коштоосунда же эстрадалык музыканын коштоосунда бийик үн менен ырдалат. Экинчиден, наристе үчүн кандай болсо да өз энесинин үнүн, тилегин угуудан өткөн жагымдуу ыр жок экенин баарыбыз билебиз.
Бешик ырын ырдайлы, урматтуу энелер!