Аскар Акаев кыргызстандыктардын үч көйгөйүн атады

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага саналуу гана күндөр калды. Өлкөнүн келечеги тууралуу өз көз карашын Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өз китебинде белгилеген.

Конференция Россия и мир: в поисках инновационной стратегии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Аскар Акаевди эч качан кечирбейм!
Мурдагы президенттин жаңы китеби "Стратегия опережающего развития для Кыргызстана" деп аталат. 10 бөлүмдөн турган эмгектин жарымы мамлекет башчыларынын докладдары жана министрлердин маанилүү эл аралык конференцияда айткандарынан турат.

Аскар Акаев Кыргызстандын келечеги, азыркы абалы, президенттик шайлоо жана экономикага болгон көз карашы тууралуу Sputnik радиосунун журналисти Асель Палвановага айтып берген. Маек кыскартылып берилди.

— Болочок президенттин программасы кандай болушу керек? Кандай көйгөйлөр жана чакырыктар биринчи орунда турушу зарыл?

— Мен үч көйгөйдү көрүп турам. Биринчиси популизм менен байланыштуу. Популист саясатчылар көп нерсени убадалайт, эл ага ишенип алат. Бирок дүйнөдөгү бир дагы саясий лидердин сыйкыр таягы жок. Андыктан өлкөнүн башына реалист-саясатчы келет деген пикирдемин.

Экинчи маселе — бул исламизация. Мен Кыргызстанга 12 жылдан бери бара элекмин, бирок такай маалыматтарды окуп турам. Жашоонун бардык тармагын камтып бара жаткан исламдашуу мени тынчсыздандырат. Ал жакшылыкка алып келбейт. Сирияда эмне болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар "Ислам мамлекетинин" катарында согушуп жүрөт. Бул кишилер мекенине кайтып келип, террор уюштурушу ыктымал.

Тюльпановая революция в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жоогазын ыңкылабына 12 жыл. Тарыхты эске салган сүрөт-ирмемдер
Кыргызстандын эли дайыма либералдык исламды тутунуп келген, кыргыз аялдары феодалдык доордо дагы эч качан паранжа кийген эмес. Азыр мага Бишкекте аялдардын үчтөн бири паранжа кийип жүрөт деп айтып жатышат… Аны элестетүү да кыйын. Мен салттуу исламды колдойм, радикалдашууга каршымын, себеби ал көптөгөн жаман нерселерди алып келет.

Үчүнчүдөн — өлкөнүн бөлүнүшүнө каршы күрөшүү керек. Мамлекетти башкарган он жылда мен үчүн элдин биримдигин камсыз кылуу биринчи орунда турду. Акыркы жылдары бир гана саясий элитада эмес, элдин арасында дагы бөлүнүү болгонун сезип жатам. Бул өтө коркунучтуу.

— Китебиңизде өлкөнү 2033-жылы башкара турган президентти сыпаттаптырсыз. Эгер бардыгы тескерисинче болуп, өткөнгө кайрылууга мүмкүнчүлүк болуп, өзүңүз менен жолугушсаңыз эмне деп кеңеш бермексиз? Бир сөз менен айта аласызбы?

— Бир сөз менен айтыш кыйын го… Өзүңдүн күчүңдүн жана мүмкүнчүлүгүңдүн жетишинче эл үчүн, өлкө үчүн иште деп кеңеш бермекмин.

Маекти орус тилинде жазылган толук версиясын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0