БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кырсыкка кабылганга чейин мотоциклдин айдоочусу өтө катуу ылдамдык менен келе жаткан. Бул тууралуу мотоциклчен кишинин өлүмү менен коштолгон авария тууралуу түшүндүрмө берип жатып ШИИБ билдирди.
Эскерте кетсек, 19-августка караган түнү болжол менен саат 1.30дарда Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде мотоцикл менен Toyota Passo унаасы кагышып кеткен. Мотоциклдин арткы орунтугунда бир кыздын бар экени кабарланган.
Кырсыктын кесепетинен Toyota унаасынын айдоочусу менен эки жүргүнчү жабыркап, ооруканага жаткырылган. Ал эми мотоциклде отурган 21 жаштагы кыз учурда комада жатат.
Окуяга күбө болгондор Sputnik Кыргызстан агенттигине мотоциклдин артынан милиция кызматтык унаа менен кууп келе жатканын, жаштар ошон үчүн катуу ылдамдык менен бара жатып унааны сүзгөнүн айтып беришти.
Ал эми ШИИБ милиция кызматкерлери болжол менен саат 1.30дарда Тоголок Молдо көчөсү менен катуу бара жаткан мотоциклди байкашканын белгилөөдө.
"Мотоциклдин артынан келгенден кийин кырсыкка күбө болдук", — дешти милициядан.
Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык териштирүү башталды.