Жарыгым ай… Жашоонун даамын эми татаарда жайраган кулунчагым ай…
Ажал — улук, өлүм — ак экенине дагы бир ирет ынанып турсак да, азыркыга чейин ак булутка айланып кетишиңе түк ишене албай, дендароо болуп турган кезибиз. Неге шаштың, карагым?!
Сенин ордуң да атаң үчүн башка эле, басса-турса "киши болсо экен, бутуна тургузуп койсом экен" деген тилеги таш капты. Эмки күн кандай болорун аңдай албай, алдастап, мүңкүрөп…
Ымыркай кезиңден чапанына ороп, медер тутуп багып-каккан, карааныңа жалынып отурган чоң атаң менен чоң энең үйгө батпай, жерге батпай, ааламга батпай калбадыбы, катыгүн ай! Же көңүлгө төтөп, мурунга жыт болгудай сенден туяк калсачы…
Комуздан үн чыкпай калды… Баралыңа келгенде топту жарган өнөрпоз болмоксуң, бекеринен сени айтылуу Ашыралы Айталиев "бала Карамолдо" атабагандыр. Кудай берген тубаса шык-жөндөмүң болбосо тайкүлүк кезиңде Түркияга барып, канча деген жеткинчектин арасынан баш байге алып келбейт элең…
…Мен сенин ак жүзүңдү, жоодур көзүңдү комуздун буулуккан үнүнөн издейм, жашыл ыраң бел-белестен издейм, шаңшып чыккан ырдан издейм, сен теңдүү уландардын сөзүнөн издейм, издей берем. Жакшы атанын уулу, жакшы жердин тукуму элең…
Көп ойлор, ак тилектер бар эле, бирок Кудайдын бешенеге жазган өзүнүн заң-мыйзамы бар экен… Бөбөктөрүңдү аман кылгай… Эми ошолордон бир ууч топо буюрсун бизге.
Ушул менин сага деген аспиетим, сага деген кызматым, сага деп койгон гүлчамбарым болсун. Тынч жатагой, жарыгым…