Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…31 градус, Ысык-Көл менен Нарында 23…24 градус жылуу болот.

Ош менен Бишкек шаарларында болсо жамгыр себелеп, күндүн табы 29 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0