БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…31 градус, Ысык-Көл менен Нарында 23…24 градус жылуу болот.
Ош менен Бишкек шаарларында болсо жамгыр себелеп, күндүн табы 29 градуска чейин көтөрүлөт.