Кан борборунун жетекчи орун басары: кандын төрт эмес, сегиз тобу бар

© Фото / Гулдана ТалантбековаРеспубликалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

55 жаштагы Баястан Курсанов бир нече жылдан бери муктаждарга кан берип донорлукту аркалап келет. Башкалардай болуп бети-башын катпай эле сүйлөп берип, кан берүүнү милдет жана сыймык деп эсептей турганын айтты.

"Муктаждарга кан берүү жеке адамдын ден соолугуна да пайдалуу. Кан тапшыргандан кийин өзүмдү сергек сезип калам. Бул жолу неберемдин кан басымы көтөрүлүп бейтапканага жатып калгандыктан кан берейин деп келдим" — деди.

Бирок каалоосу күч адам эле кан тапшыра бербейт. Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, кан берем дегендерди алгач паспорт же аскердик күбөлүк аркылуу каттап, буга чейин тапшырып жүргөндөрдү идентификациялашат. Кан берүүнүн алдында бир катар суроо менен анкета толтурушат. Анан жарандар убактылуу донор боло алат же таптакыр боло албайт деген жыйынтыкка келиш үчүн медициналык кароодон өткөрүшөт.

"Жаш курагы 18-60 жашка чейинки ден-соолугу таза жарандар донор боло алат. Алты ай ичинде кандайдыр бир ооруларга чалдыккан жокпу, эки күн ичинде ичимдик ичкен эмеспи, дары-дармек, майлуу тамак жеген жокпу, дене табы тууралуу суроолорго анкета толтурушат. Тишин жулдуруп келгендер, вакцина алгандар, кош бойлуулар, бала эмизгендер, ичип келгендердин канын албайбыз. Вирустук гепатит, сифилис, ВИЧ, бруцеллез, кургак учук менен ооруган жарандар таптакыр донор боло алышпайт", — деди Сатыбалдиева.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаКан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек
Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаБир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот
Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот
© Фото / Гулдана ТалантбековаСтатистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган.
Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган.
1/3
Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек
2/3
Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот
3/3
Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган.

Медициналык кароодон өткөндөн кийин кандын курамын текшерип, компоненттерин даярдап, канга муктаж болгон жарандарга жиберишет. Жөн гана жиберип койбостон, ооруканаларда кандардын пайдаланылышын, куюу стандарттарын көзөмөлдөп турушат.

Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом - Sputnik Кыргызстан
Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом
Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек. Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот.

Канды кайрадан кеминде эки айдан кийин гана тапшыруу шарт. Анткени бул убакыт аралыгында бардык клеткалар өз калыбына келет. Алынган кандар атайын муздаткычтарда сакталат. Кызыл клеткалуу эритроциттер республикалык борбордо +2…+8 температурасында бир ай сакталса, тундурма плазмасы 6 айдан 3 жылга чейин кармалат. Тромбоцит 22 градус жылуулукта беш эле күн сакталат. Кандарды атайын термоконтейнер менен бейтапканаларга алып кетишет.

"Учурда кан тапшыруу борборунда канды 42 күнгө чейин сактай турчу консерванттар бар. Мурун 21 күн гана сакталчу. Кан тапшырам дегендер кооптонбой эле койсо болот. Себеби ар бир донорго колдонулуучу кан баштыктары, аспаптар бир ирет гана пайдаланылат", — деди Сатыбалдиева.

Кырсык каш-кабактын ортосунда болуп, канга муктаж болгондор күн-түн, жаз-күз дебей жардам күтүшөт. Дал ушул жай мезгили кан тапшыруу борборлору үчүн кандын жетишсиздигин пайда кылат. Адистер бул учурда активдүү донорлорду чакырып, көчмө топ менен чыгып, кандын запасын кармап туруу үчүн бир катар аракеттерди көрүшөт.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаАйганыш Сатыбалдиева: кан тапшырган кишинин зат алмашуу системасы жакшы иштеп, табит ачылып, уйку жакшырып, өзүң тааныбаган адамга жардам берүү моралдык жактан терең бир сезимди, патриоттуулукту, гумандуулукту тартуулайт. Чынында кан берүү — баатырдык
Заместитель директора республиканского центра крови в Бишкеке Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Айганыш Сатыбалдиева: кан тапшырган кишинин зат алмашуу системасы жакшы иштеп, табит ачылып, уйку жакшырып, өзүң тааныбаган адамга жардам берүү моралдык жактан терең бир сезимди, патриоттуулукту, гумандуулукту тартуулайт. Чынында кан берүү — баатырдык

Республикалык борбордун директорунун орун басарынын айтымында, негизи кандын сегиз тобу бар.

"Биз анын төрт тобун гана айтып жүрөбүз. Ал кандар оң жана терс болуп экиге бөлүнөт. Бизде терс кандар сейрек кездешкендиктен дайыма топтоп турганга аракет кылабыз. Бир жаранга терс кан керек болгондо бир нече доза куюлуп кандын дефицити пайда болот. Бизде кандын дефицити орозо, каникул, эмгек өргүүсү маалында, жай мезгилинде курч болот", — деп түшүнүдүрүп берди Сатыбалдиева.

Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган. Калганы өлкөнүн башка аймактарынан тапшырылган. Кан донорлоруна анча чоң эмес өлчөмдө акча төлөнүп берилет.

Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу аялды коштоп жүргөн доула деген ким?
"Донор жөнүндө мыйзамда акы төлөнүүчү донорлорго 300 сом, өз ыктыяры менен келген донорлорго 100 сомдон берилет. Ал акча кеткен каллориясын толуктап алууга жумшалышы шарт. Кан тапшыраарга чукул чай, шоколад, печенье беребиз. Кан тапшырган кишинин зат алмашуу системасы жакшы иштеп, табит ачылып, уйку жакшырып, өзүң тааныбаган адамга жардам берүү моралдык жактан терең бир сезимди, патриоттуулукту, гумандуулукту тартуулайт. Чынында кан берүү — баатырдык", — деди адис.

Эл ичинде кан берген адам жаш көрүнөт, ден-соолугу чың болот деп айтылат. Медицинада кан жана кандын компоненттери улуттук байлыктын бир түрү катары каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0